"Эркин-Тоо"

“БА – Кытай” саммитинин жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери Сиань декларациясын кабыл алышты

Бүгүн, 19-майда Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды.

Бул документке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдан төрагасы Си Цзиньпин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол коюшту.

Жылуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өлкө лидерлери Борбор Азия жана Кытай мамлекеттеринин ортосундагы достук алмашууларды ар тараптуу жыйынтыктап, көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташтыктын тажрыйбасын жалпылаштырып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн багыттарын белгилеп алышты.

Мындан тышкары, саммиттин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

— “Борбор Азия – Кытай” өнөр жай-инвестициялык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— “Борбор Азия – Кытай” форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы санариптик соода жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— «Борбор Азия — Кытай» форматында инфраструктура жана инженердик курулуш тармагында кызматташууну өнүктүрүүнү алдыга жылдыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— “Борбор Азия – Кытай” айыл чарба министрлеринин жолугушуусунун механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— “Борбор Азия – Кытай” форматында бажы кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусун өткөрүү механизминин иши жөнүндө жобо;

— «Борбор Азия — Кытай» форматындагы компетенттүү органдардын ортосунда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантиндик алып кирүү жана алып чыгуу жаатындагы техникалык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— “Борбор Азия – Кытай” Ишкер кеңешин түзүүдө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Кол коюу аземинен кийин Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!