"Эркин-Тоо"

БААЛАР ТЫКЫР КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНАТ

Быйыл көмүрдүн баасы катуу көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев калкты көмүр менен камсыздоо маселесин талкуулоо учурунда билдирди. Жыйында көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө, социалдык жактан маанилүү товарлардын баасын такай көзөмөлгө алып туруу тапшырмасы да берилди. Өзгөчө Баткен жана Ош облустарында көзөмөлдү күчөтүү керектиги айтылды. Эске салсак, 8-сентябрда Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде өлкөдөн автоунаа транспорту менен көмүрдү сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган. Эгер жеке көмүр казуучу компаниялар көмүрдү сыртка чыгарууда, ички керектөөчүлөргө бааларды жогорулатса, Министрлер Кабинети экспортту толук жабат. Биз Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кайрылып, көмүрдүн жана социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларына көзөмөл кандай жүрөрүн сурадык.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Жээналы ОРОЗБАЕВ:
— Министрлер Кабинетинин атайын токтому чыкты. Биз баага көзөмөл кылабыз. Сатып алуучулардын жана сатуучулардын да кызыкчылыгын көздөгөндөй орток бааны коюп беребиз. Орток баа койбосок көмүрдү кенден ташып келүүчүлөргө кыйынчылык туулат. Биз сатып алуучунун гана кызыкчылыгын көздөбөшүбүз керек. Эгер көмүрдү жер-жерлерге ташуу үзгүлтүккө учураса, кайрадан эле калк жапа чегет. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көмүрдүн тоннасы 5300 сомдун тегерегинде гана сатылсын деген сунуш берели деп турабыз. Учурда Бишкек шаарынын базаларына Кара-Кече кенинин көмүрү келип түшүүдө. Алар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан коюлган баада гана сатуу иштерин жүргүзүшөт. Андан тышкары социалдык жактан маанилүү 16 продукциянын тизмеси да бекитилди. Азыр баары кымбаттады деген кептер жүрүп жатпайбы. Бирок, биздин мониторинг боюнча айрым товарлар былтыркыга салыштырмалуу арзандады. Кумшекердин арзандашы күтүлүп жатат. Өсүмдүк майынын баасын турукташтырууга аракеттер көрүлүүдө. Министрлер Кабинети бааны турукташтыруу боюнча көп иштерди аткарууда. Мына өлкөдөн автоунаа транспорту менен көмүрдү сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Негизи экспортко тыюу салынбашы керек. Элдин камын ойлоп, баанын өсүшүн алдын алуу үчүн аргасыздан ушул кадам жасалды.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА

№74 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 15-сентябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!