"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

БААРЫ БАР… ЫЙ ДАГЫ, ЫР ДАГЫ…

Көптөн бери ушул оор ойду кагазга түшүрөйүн деп, бирок колум барбай, кайпактап качып жүрдүм. Ушул эскерүүнү жазсам эле Руслан байке эми чындап жок болуп кетчүдөй, анын биздин катардан жок болгонуна өзүм да эми ишенип, эми чындап жокточудай болуп коркуп жүрөм.

Кечээ биздин театрыбыздын (ТЮЗ) 36-сезонунун ачылыш аземи болду. Театрга кимдер гана келген жок. Бир гана… Ойлогондон да заарканам, аттиң… Ушул театрдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, азабын аштай тартып жүрүп, актерлор эми жакшы шартка жеткенде Руслан Курманалиев келбей калды, аттиң! Жоготуу деген оор деле эмес, жоготуу деген азап деле эмес, жоготуу деген – аябай ачуу, аябай тили заар, куусаң да кетпеген, жанды шылдыңдап жеген бир жагымсыз нерсе экен. Эмне айла кылаарыңды билбейсиң. Бардык нерсеге айла издеп көрсө болот экен, бирок, ажалга келгенде колго түшүп отуруп берет турбайбызбы.

Бирок, ал жөнүндө сыймыктануу менен, жүрөгүң толо бир мактаныч менен айтып бере ала турган сөзүң бар экенин эстесең, анын жок экенине деле кайылсың. Ал өзү жок болгону менен, эмгеги турбайбы. Элге таштай катып, суудай сиңген элеси турбайбы. Анан аны кантип жок деп ыйламак элең. Бир гана алыскы чет өлкөгө көп жылга бир жакшы сериалга түшкөнү кеткендей гана сезим келет. Кайра ал эртең сөзсүз келет. Ооба сөзсүз келет!..

Руслан Курманалиев Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын улуу мууну менен кичүү муунун бириктирип турган жаркын талант болчу. Ал бул театрга кантип келип калганын ушундай бир сыймыктануу менен эскерип айтып берер эле: “Мен театралдык студияны бүткөндөн кийин “Тунгуч” театрында иштеп жүргөм. Ал жакта көбүнчө интермедия ойнойт элем. Бир күнү Алмаз Сарлыкбеков агай мени урушту: “Жеңил-желпи нерсе менен алек болуп жүрө бербе, сен деген чоң спектаклдерде – драма, трагедия, керек болсо комедия ойной турган кудурет күчүң бар. Жетишет! Токтот болду!.. Алаксып жүрө бергенде пайда жок. Андан көрө Жаш көрүүчүлөр театрына келип иште”, — деп болбой мени өзү жумушка алган”.

Чындыгында ушул куттуу жайда Болот Бейшеналиев, Бакен Кыдыкеева өңдүү залкарлар менен да иштешип калыптыр. Айрыкча Улуттук драма театрынын залкар актеру Советбек Жумадыловго жакын болуп, анын көп кеп-кеңештерин алып калганын мактанып айтчу. Кыргыздын эркелери, эрмеги, жанды бир жыргатып күлкү-шаңга бөлөгөн Бопуш-Сакиш деген ат менен таанылган Марат Жантелиев, Айнур Тургумбаева, көргөн адамды жаркытып жибере турган ажары бар  Гүлмира
Турсунбаева, сахнага чыкса бүтүндөй денеси жалындап, элдин да жүрөгүн жалындатып жибере турган өрттөй таланттар Назира Мамбетова, Эгемберди Чалабаев өңдүү чыныгы таланттар менен бирге театрдын азабын да, жыргалын да бирге тартып, барга-жокко кайыл болуп, ушул театрдын арабасын сүйрөштү.

Руслан байке театрдын тагдырына өзгөчө күйчү. Анын үстүнө ал иштеп жүргөн жылдары театр чындыгында өтө оор акыбалда болчу. Айлык аз. Спектаклдерге министрликтен акча бөлүнбөйт. Анан айла жок театр буйрутма спектаклдерди коет. Анда өзүнүн кыялына, аң-сезимине төп келбеген ар кандай образдар. Жалаң ушу театрдын өлбөй жашап турушу үчүн ал, ал эле эмес ошол убактагы театрдын жалпы жамааты чындыгында эмне деген кордуктарга чыдабады. “Кээ бир жылдары таптакыр спектакль коюлбай, жөн эле жүрүп калган учурларыбыз болду. Ошондо бизге аябай оор болчу. Анан өзүбүздү алаксытып кээде ичебиз. Кээде ырдайбыз. Кээде карта ойнойбуз. Эмне деген гана күндөр өтпөдү”, — деп, ошол рухий кризис маалын эстеп күлүп калаар эле.

Руслан байке бизге өзүнүн башынан өткөндөрүн абдан көп эскерип, айтып бере берчү. Көрсө кайсы бир учурда ушул кыз театр тууралуу жазып калса, керек болот дечү окшойт. Башка чыгармачыл адамдардан айырмаланып Руслан байке өтө таланттуу, өтө чыгармачыл болгону менен өтө бүйрө анан үй-бүлөсүнө да карамдуу болчу. Айрыкча чыныгы чыгармачыл адамдар бир беткей баарын таштап коюп чыгармачылыкка баш-оту менен кирип кетет го. Анын артыкчылыгы ушунда. Чыгармачылыкка да баш-оту менен берилип  иштеп, кайра турмушуна да дилин төшөп жашай алчу.

Дайыма анын жүрөгүндө ыр жаңырып турчу. Өзгөчө ырларды кыягын сыздатып ырдаса, жанында отурсаң чын эле асмандын чексиз экенин, жашоо керемет экенин сезип кетчүсүң. Кудай берген үнү анын энчисине берилген чоң белек болчу.

Анын жанында отурганда эмнегедир илгерки ата-бабалардын касиети сезилип турчу. Сүйлөгөн сөздөрү да орундуу, ойлору олуттуу, санаасы салмактуу болчу. Мен андан театрдын чыныгы жашоосун сезчүмүн. Театрда эмне гана жок. Баары бар да. Ый дагы, ыр дагы, илим дагы, турмуш дагы, сүрөт, музыка, өлүм, өмүр…  Эң негизгиси адам жөнүндөгү тубаса илим бар.

Руслан байке, ошол адам жөнүндөгү илимдин профессорундай эле сезилчү. Артисттер сахнада ар кандай образдарга сереп салып, талдай беришип, адам психологиясын беш колдой жаттап бүтүшөт экен да. Ичиңде эмнени ойлонуп, эмнени туюп турганыңды илгиртпей түшүнүшөт. Сенин ар бир кыймылың, ар бир мимикаң, жорук-жосундарыңан эле сен эмнени айткың келип, эмне кылгың келип жатканын айттырбай эле тушүнүп коюшат. Көзүңдү карап эле баарын билет. Кудай ургандай сезимтал болушат. Буларга калп айтууга да, калп мамиле жасоого эч мүмкүн эмес. Руслан байке да адамды ичинен таанычу. Мени ушу тереңдиги таң калтырар эле.

Ал турмушту адамдардан башкача кабылдап жашап өттү. Ата-бабалардын батасы тийсе керек деп коем. Анын чыгармачылыгы гүлдөп турган маалы 1990–2000 жылдардагы рухий кризис маалына туш келгенине карабай, ушу өнөрү менен кошо адамдыгын да сактап калганына ичимден таңдана берчүмүн. Качан көрбө ушунчалык токтоо, бейпил, Кудай деген адам болчу. Спектаклдин да, кинонун да түйшүгүн ит көрбөсүн. Адамды жөн эле эзип, жоготуп кайра жаратып турат. Ал ушул азапка кадимкидей кумарланып турар эле. Андан бир укмуш жарык таап алгандай демдүү, күчтүү, бир колдоочусу бардай болуп, бир кыйналганын сездирчү эмес. 2006-жылдары Ысык-Көлдө өткөн театр фестивалында Жума Куддустун “Хан оюну” деген спектаклинде башкы ролдо ойноптур. Ошондо көлдүн жээгинде ачык асман алдында оюн көрсөтүшүптүр. Режиссер Алмаз Сарлыкбековдун чечими ушундай болуптур. Руслан байке жердин алдынан кумдан чыкмак экен. Аны эл келгенде көрүп калат деп, эл келе электе эле кумга көмүп коюшуптур. Эми ошондо элестет, эл топтолуп келип, спектакль башталып, анан өзүнүн ролуна кезек келгенче жерде кумда чыдап жатыптыр. Муну ким жасай алат? Анын искусствого болгон сүйүүсү өзгөчө күчтүү болгон үчүн, бул кыйынчылык да аны эч кандай кыйнай албаптыр да. Анын бул сыяктуу курмандыктары өтө эле көп. Келечекте ал жөнүндө китеп жазылып калса, ошондо кенен айтып берербиз.

Ал кандай көп кыйынчылык көрсө да кыйналганын билдирбеген мыкты сапаты бар эле. Дайыма күлүп жүрчү. Анан алдынан кандай адам чыкпасын ойлонбой жакшы көрүп, жакшы сөзүн айтып койгондон эринчү эмес.

Учурда театрдын репертуарында он жети спектакль болсо, он бир спектаклинде роль ойночу экен. Болгондо да көпчүлүгүндө башкы ролдорду ойночу. Азыр эми анын баарына кайра «ввод» киргизүүгө туура келип турат. Театрдын башына чындап эле оор иш түштү. Көрсө оор жоготуу деп ушуну айтат турбайбы…

Аттиң ай! Аттиң! Эмнеге өмүрү кыска болуп калды? Балким, ал өтө жакшы адам болгон үчүн Жараткан бизден эрте алып кетти окшойт деп калдым…

Махабат Саидрахманова