Башкы прокуратура маалымдагандай, Ысык-Көл облусундагы жеке менчикке өтүп кеткен мектептин жери мамлекетке кайтарылды.
Тагыраагы, Тоң районунун Ак-Сай айылында жайгашкан Турусбеков атындагы орто мектебине тиешелүү 1989,31 чарчы метр жер тилкеси 2002–2003-жылдары мурдагы Күн-Батыш айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 1,9 миллион сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.

