"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

“Байчечекей” чокусунда калган альпинисттер тик учак менен куткарылды

Кыргызстанда Ала-Арча капчыгайында адашып калган Россиялык эки альпинист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, чет элдик альпинисттер «Байчечекей» чокусуна чыгышкан, бирок караңгы түшкөндөн кийин жолун таба албай, тоодо түнөөгө аргасыз болушкан. Чоку деңиз деңгээлинен 4 515 метр бийиктикте жайгашкандыктан, куткарууга AIRBUS H125 тик учагы тартылган.

Куткарылган альпинисттердин бири өз абалын өмүр менен өлүм маселесине салыштырып, «Биз калың кардын астында калып, суу болуп тоңуп, шаймандарыбыздын бир бөлүгүн жоготтук. Өзүбүз түшө алмак эмеспиз. Куткаруучуларга абдан ыраазыбыз» — деп билдирген.

Куткаруучулар альпинисттерди Бишкекке алып келип, министрликтин медицина кызматы алгачкы жардам көрсөткөн.