*Эгемендүүлүгүбүзгө – 30 жыл
Өз кезегинде Кыргыз телевидениесинин жүзү катары жалпы журтубузга кеңири таанымал болуп келген Сутенова Байма Жапаровнаны кимдер гана билбейт. Журналисттик айдыңдагы көп кырдуу жана жемиштүү эмгеги жогору бааланып, 29 жашында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамын алууга татыктуу болгон. ”Даңк” орденин көкүрөккө тагынып, “Алтын калем” сыйлыгын алган. Бүгүнкү күндө Коомдук телерадио корпорациясынын Телепрограммалар дирекциясынын директору болуп кызмат өтөп келүүдө. Айтор, 30 жылга жакын убакыттан бери эгемендүүлүк менен кошо жарышып телевидениенин ысык-суугуна аралашып иштеп келе жаткан Байма Жапаровнанын ой-пикирин угуу биз үчүн да кызык болду.
— Айтыңызчы, эгемендүүлүк бизге эмне берди?
— Чындыгында, эгемендүүлүктүн өткөөл мезгили узакка созулуп кетти. Билинбей эле 30 жыл өттү. Бул жылдарда өнөр жайы да, айыл чарбасы да, айтор бардык тармактар талкаланган бир учуру болду. Ошолор сыяктуу телерадио да башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрдү. Бул жерде партиялык уюм аябай күчтүү болуп тургандыктан коммунисттер менен демократтардын катуу тиреши болду. Эфирди талашуу жүрдү. Мамлекеттик телерадио берүүлөр боюнча мамлекеттик комитет телерадио компания болуп өзгөртүлүп түзүлдү. Сатыбалды Жээнбеков анын директору болду, ал мени «орун басар болосуң» деп алып кетти. Ошондо Сатыбалды Жээнбеков, Түгөлбай Казаков, Керим Орозалиев, Кален Сыдыкова жана мен өзүм бир команда болуп чогуу иштедик. Бул жерде бири-бирин кайталаган түзүмдөр көп эле, ошолорду кыскартуулар, бириктирүүлөр жүрдү. Айла жок ушул жолго бардык. Ансыз телерадиону демократиялык коомдун талаптарына шайкеш келтирүү мүмкүн эмес эле. Аябай көп жаштарды эч бир таанышы, аке-жукеси жок эле кызматка алдык, алар ишти алдыга жылдырып кетишти. А биз болсо орусча ойлонуп, кыргызча которуп сүйлөгөн муун болгондуктан кыргызча так, таза, шыр сүйлөгөн балдар, кыздарыбыз көп экендигине кубандык. “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамга ылайык теле көрсөтүүлөрдүн жана радио уктуруулардын 70%ы кыргыз тилинде болушуна жетиштик. Анткени, ал кезде көрсөтүүлөрдүн 75%ы орусча, 25%ы эле кыргызча болчу. Андан сырткары, көп тармактуу инженердик-техникалык кызматкерлердин улуттук кадрларын өстүрүп чыгардык. Мурда бул категориядагылардын арасынан бир-эки кыргыздын башы көрүнүп калса сүйүнүп кетчүбүз. Азыр болсо негизинен улуттук кадрлар эмгектенишет.
— Эгемендүүлүк жылдарында КТРКда кандай өзгөрүүлөр болду?
— Биз 6 каналдуу болуп өзгөрдүк, чоң теле үй-бүлөгө айландык. Буга ошол эле иштеп жаткан кишилерибиз, ошол эле базабыз менен жетиштик. Азыр материалдык база, айлык акы жагынан бир аз кыйналып жатабыз. Бирок, эгемендүүлүк жылдарыбыздын ичиндеги чоң утуштарыбыздын бири ушул болду десек болот. Эми, элибиз бир эле каналды карап олтурбай, саясаттан чарчаса “Маданиятты”, ыр уккусу келсе “Музыканы” , болбосо “Спортту” же үй-бүлөсү менен балдар каналы “ Баластанды”, ж.б. көрүп, өзүнүн табитин канааттандыра алышат.
— 12 жыл КТРКнын радио жагын тейлеген орун басары болуп иштеген жылдарыңызда кандай өзгөртүүлөрдү жасаганга жетише алдыңыз?
— Ушул жылдар аралыгында элибизге пайдалуу иштерди аткарып калууга көп аракет жасадык. Биринчиден, радио берүүлөрдүн сапатын жана кызыктуулугун арттырууга умтулдук. Андан сырткары, күндөлүк жумуштарыбыз менен катар эле радионун алтын фондусунун электрондук каталогун түзүп, толук санарипке өткөрдүк. Техникалык базасын бекемдедик. Радионун теледен айырмаланган өзгөчөлүгү – элге жүзүң көрүнбөсө да өзүң тынбай сайрап жана жазып турушуң керек. Мына ушул өзгөчөлүгүн эске алуу менен радионун гонорарын – калем акысын көбөйтүүгө жетише алдык. Ушул убакка чейин телевидениенин кызматкерлери, анын ичинде мен дагы гонорарды алардан 2 эсе аз алабыз. Айлык, штаттык бирдик, ж.б. боюнча бирдей болгону менен гонорарга келгенде алар көп алышат. Андан сырткары, биз жетекчиликтин жакшы салттарын орноттук. Ошол салт ушул убакытка чейин иштеп келе жатат.
Мен 12 жылдан кийин телевидениеге келсем, бул жак абдан ызы-чуулуу экен. Өзүм менен кошо радиодон келген бир нече киши менен бирге радиодогу тээ ата-бабадан бери келе жаткан салтты – улууга урмат, кичүүгө ызаат дегенди телевидениеге бекемдедик. Айттык-дедик, жакшы-жаман көрүндүк. Азыр эми бири-бири менен коридордо кадимкидей учурашып, улуулар улуудай, кичүүлөр кичүүдөй болуп өздөрүн таалим-тарбиялуу алып жүрүшөт. Себеби, сен канчалык мыкты журналист, азыркы технологияны укмуш өздөштүргөн адам болбогун, эгерде сенде адамкерчилик сапат, жалпы улуттук баалуулуктар болбосо аныңдын баары бир тыйынга да татыбай калат. Эгерде сен кабинетте тартипсиз болсоң ошол тартипсиздигиң эфирге да чыгат. Азыр деле КТРКда 1000ден ашык киши иштейт. Миңден ашык кишинин миңден ашык ой-пикири бар. Ошолорду бир мамлекеттик саясатка алып келип такаш, жалпы дөөлөттөрдү сиңириш өтө кыйын иш. Бирок, азыркы директорубузду шайлаганда жетекчилер да, Байкоочу кеңеш да коллективдин ой-пикири менен эсептешти. Бул дагы биз үчүн чоң жетишкендик болуп калды. Ушунча жыл иштеп жүргөнүмдөн бери мындай болгон эмес. Ак үй, Көк үй эмне деп айтса ошол жакты көздөй ооп турчубуз. Эми кадимкидей бир нукка түшүп калдык.
— Жумасына бир жолу берилүүчү “Демократия сабактары” теле долбоору жүрөгүмө, жан-дүйнөмө жакын деп айтканың бар. Аны даярдоо жеңилби же оорбу?
— Муну биринчи жолу радиодо иштеп жүргөнүмдө ачканбыз. Аны Бактыбек Нышанов алып барчу. Ал убакта демократиянын теориясын берчүбүз. Андан бери 20 жыл өттү. Бул жылдар аралыгында демократия бизге эмне берди? 1985-жылы “Игра в демократию” деген берүү даярдадым эле. Ошол эсиме келди. Анткени, демократиянын атын сатып, ошону менен ойногусу келгендер көп болду. Ал эми эгемендүүлүк жылдарында ички, сырткы күчтөр, эл аралык уюмдар да коомдук пикирге манипуляция жасоого өтүштү. Ошондуктан, 2011-жылдан тартып көрсөтүлө баштаган “Демократия сабактары” теледолбоору атына заты толук жооп берген кызыктуу берүүлөрдүн биринен болду. Биз адегенде өзүбүздөн эч бир сөз кошпой жалаң архивдик материалдарга кайрылдык. Бардыгы тең мурда чогулуш-жыйындарда, ж.б. иш-чараларда айтылган, сүйлөнгөн сөздөр менен коштолду. Кызыгы, мисалы, учурунда Аскар Акаевдин жанында жүрүп, ал камерага тартылып жатканда анын артында туруп көрүнүп калууга жанталашып аракет кылган адамдар болду. Мына мен президенттин жанында жүрөм деп тууган-туушкандарына, айылдаштарына, жердештерине, дос-жолдошторуна кадыр-барктуу көрүнүүгө аракеттеништи. Кийин ошол эле А.Акаевдин ары жагына туруп көрүнүп-түшүп калууга аракет кылган кишилер Бакиевдин учурунда да ошентишти. Анан Акаев да, Бакиев да жаман болуп турган учур келди. Ошондо алар кошо түшүп калган көрсөтүүнү көрсөтсөң катуу чычалашып, мени алып салбайт белең дей башташты. Эми ал ретуш жасап, алып, өчүрүп салгыдай сүрөт эмес да. Натыйжада, мурдагы-кийинки президенттердин, жогорку кызматтагылардын көбүнүн куйругун бастык. Мындай аракеттеринен майнап чыкпагандан кийин алар бул көрсөтүүнү жабыш керек дегенге чейин барышты, Жогорку Кеңештин трибунасынан да айтып чыгышты. Бул берүүнүн кайсы жери канааттандырбайт, эмне үчүн жабыш керек деп сурасаң айта алышпайт. Булар мурдагы бийликтегилердин баарын жамандап, кийинки келген бийликтин ичи-койнуна кирип кетейин дегендер болчу. А убакыттын өтүшү менен архивдик материалдар жууп-кетире алгыс, өчпөй турган күчкө ээ болуп калат экен. Анткени, коомубуздун басып өткөн жолу тарых болуп калат. Бирок, аны эске алышпай, Масалиевдин тушунда Усубалиевди, Бакиевдин тушунда Акаевди, кийин Бакиевди , Атамбаевди көрсөтпөгүлө, тигинин көзү, мунун буту көрүнбөсүн деп талап коюшту. А биз бул материалдар архив, тарых деп каршы болобуз. Ошондуктан, коом дагы тарыхты жөндөн-жөн эле чийип салганга мүмкүн эмес экендигин түшүнүүсүнө жетишүүбүз керек. Алсак, Исхак Раззаков кызматтан кеткенден кийинки ошол кездеги газеталарды барактасаң тим эле төбө чачың тик турат. Бирок, убакыт ак, караны өзү иргейт экен. Кийин ошол эле газеталар И.Раззаковду мактап-көкөлөтүп жазышты. Демек, коом да, элибиз да жакшыбы, жаманбы туура кабылдаганга көнүшүбүз керек. “Демократия сабактары” теле берүүсү өзүнүн ушундай демократиялуу көз караштагы берүүлөрү аркылуу коомчулуктун көзүн ачууга өз салымын кошуп келгендиктен интеллигенция чөйрөсү да жакшы кабыл алып, колдоп турду. Университеттердин социология, саясат таануу факультеттери көрүп, пайдаланышты. Бул боюнча бир нече дипломдук, магистрдик иштер жакталды. Тарых факультетинин мугалимдери “Сенин бул көрсөтүүңдү лекция учурунда да студенттер менен бирге талкуулап жатабыз” , — деп айтып келип жатышты.
— Радиодогу “Алтын казына” фондусу сыяктуу теледе да ошондой фонд түзүүгө болобу?
— Эгемендүүлүк жылдарынан бери эле киновидео фондун түзүшүбүз керек деген маселени көтөрүп келе жатканбыз.Буюрса, мындай фонд түзүлүп, иштеп жатат. Бирок, ага миллиондогон сом каражат талап кылынат. Биз азырынча майда-бараттарын жасап жатабыз. Өкүнүчтүүсү, 1984-1985-жылдары мен өзүм даярдаган чоң көрсөтүүлөрүм архивде сакталбай калган. Алар бир көрсөтүлгөн бойдон жок болуп кетти. Өзүбүз ушул жерде иштеп жүрүп ошону жасай албаганбыз. Бардыгы чоң каражатка келип такалат. Учурунда биздеги мыкты көрсөтүүлөрдүн баарын Москвага жөнөтчүбүз. Ал жакта укмуш архивдерибиз бар болгону менен алардын бирөөсүн да ала албайбыз. Аларды алыш үчүн чоң акча төлөш керек. Алар баарын санарипке өткөрүп алышкан. Эгемендүүлүк жылдарында болгону Чыңгыз Айтматов боюнча гана бир аз материал ала алдык Мамлекеттер аралык келишимдин негизинде Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыздар тууралуу кинохроникаларды алууга жетиштик. Азыр биздин бетке кармаганыбыз эле “Советская Киргизия” кинохроникасы. Ошондуктан, биз Москваныкындай болбосо да ошонун чейрек деңгээлиндегидей киновидео архивин топтоп-жасашыбыз абзел. Өзүм директору болуп иштеп жаткан Телепрограммалар дирекциясынын ичинде киновидео архивди түзгөнгө колубуздан келишинче аракет кылуудабыз. Муну 2021-жылдын бюджетине киргиздик. Эми 2022-жылдын бюджетине да кирип жатат. Биз бул маселени Жогорку Кеңешке да койдук. Президент С. Жапаровго да айтып жатабыз. Өзүбүз да аракеттенип, “Кумтөр” компаниясы менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана аларга өз сунушубузду бердик.
— Азыркы күндө маалымат айдыңында реформа жасоо менен өзгөрүүлөргө барышыбыз керек деген да сөздөр жүрүп жатпайбы…
— Ооба, өзгөрүүлөр болушу керек. Бирок, медиахолдинг кылабыз дегендерге эч бир түшүнбөйм. Ырас, Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунда телевидениени реформалоо тууралуу да айтылган. Учурда КТРК, коомдук уюмдар жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 3 концепция даярдап жатышат. Мамлекет башчысы да мына ушул үч тараптуу концепцияны карап, талдап чыгып, бир тыянакка келет деген ойдобуз.
— Байкоочу кеңештин ишине кандай баа бересиз?
— Байкоочу кеңештин ишине карата ар кандай көз караштар айтылып келет. Чынында, эгемендүүлүктүн аркасында улуттук телерадио корпорациясынан коомдук каналга өткөндөн кийин анын ишине Байкоочу кеңеш көз салып тура турган болду. Анын биринчи жана экинчи курамында бизди башкаргысы, өздөрүнүн кадрларын орноштургусу жана ички таарынычтарынан улам өч алгысы келгендер да болгондугун жашыра албайбыз. Ошондой эле алар бизди тыйып-тескеп, Ак үй, Көк үйдүн ролун аткаргысы, текшерип-тескөөчү орган болгусу да келди. Ошон үчүн алар “чайкоочу кеңеш” деген атка да конушту. Мындай мамилеге чыдабаган коллектив кайра эле мурдагыдай улуттук телерадио корпорациясы болуп албайлыбы деп да чыгышты. Биз улуттуктан коомдукка өткөнүбүздө ар кимибиз айлыгыбыздан 1000 сомго чейин жоготконбуз. Ошентсе да, кайра артка кайтууну туура көрбөдүк. Бирок, Байкоочу кеңештин үчүнчү курамы келгенде биз бири-бирибизди түшүнүшүп калдык.
Кептин түзүн айтсак, бизге Байкоочу кеңеш керек экен. Бизде ар түрдүү маселелер болот. Аларды биз Ак үйгө айтып, жазып, ал жакка жиберген каттарыбыз жоголуп кетип же аныбыз кайра башкача түр менен өзүбүзгө келип, айлампага айланып кетчү. А азыр болсо арыз-арманыбыз, шашылыш чече турган же менеджерлер менен талаш маселелерибиз болсо өзүбүздүн имараттын 5-кабатында жайгашкан Байкоочу кеңешке чуркап бара калабыз, алар баарын дароо чечип берип турушат. Ошол эле учурда Байкоочу кеңеш биздин бардык кызыкчылыктарыбызды ар тараптан коргоп турушат. Негизи, демократиялык коомго багыт алган мамлекетте телевидение коомдук гана болушу керек. Болбосо, илгери “Асабанын” бир тапан баласы айткан “КТРдин көрсөтүүлөрүнүн баары Акаев менен башталып, аягы аба-ырайы менен бүтөт” дегендей кейипке түшүп калабыз. Чынында эле мурдагы көрсөтүүлөрдүн баары жалаң жетекчилерди мактоо менен башталып, жетекчилерди сүйлөтүү менен эле бүтчү эмес беле.
— Кандайча журналисттик кесипти тандап калдыңыз?
— Мектепте окуп жүргөн кезимде врач болгум келчү. Себеби, атактуу хирург Мамбет Мамакеев агабыз болот эмеспи. Чынын айтканда, мени менен окугандардын көпчүлүгү врач болушту. Бирок, математикадан бир аз өксүктүгүм бар болчу. Ошол себептүү математикасы жок окууну издедим. Уялбай эле математикадан экзамен тапшырбай турган кайсы факультет бар деп сурадым. Филфак дешти, анан ошого тапшырып өтүп кеттим. Бирок, бул тандоомо өкүнбөймүн. Андан кийин адабий чөйрөгө аралашып кеттим.
— Бир нече повесть, аңгеме жаздыңыз. Ондогон даректүү фильмдерди жараттыңыз…
— “Мамырылар гүлдөгөн жерде” деген повестимди мен 1978-жылы КМУнун филфагында 5-курста окуп жүргөнүмдө жаздым. Ал Нарын облусундагы “Эдельвейс” комсомолдук-жаштар бригадасына 1-курстан тартып бир нече жолу барып жүрүп, алардын жаштык дем-жашоосуна арналып жазылган чыгарма эле. Ошол жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жаштардын чыгармачылыгына кам көрүү тууралуу токтому чыккан. Аны аткаруу үчүн “Ала-Тоо” журналынын бир санын жалаң жаштардын чыгармаларына арнашкан. Ошол санга менин да повестим басылып чыкты. Окурман журту, адабий чөйрө жакшы кабыл алды. Кийин Аалы Токомбаевдин архивинен “Бул ким болду экен? Ушул повестти баш көтөрбөй бир дем менен окуп чыктым. Бул кызды таап таанышыш керек экен” деген жазуу калтырганын таап окуп, аябай ыраазы болдум. Кийин дагы повесть, аңгемелерим жарык көрдү, китеп болуп чыкты. Ошон үчүн Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзуна мүчө кылып кабыл алышты.
Совет мезгилинде эмгек жана эмгек адамдары даңкталчу эле. Канчалаган Социалисттик Эмгектин Баатырлары чыккан. Эгемендүүлүк жылдарында алардын баары көз жаздымында унутта кала беришти. Ушул кенемтени толтуруу үчүн даректүү фильмдерди даярдоону чечип, ондогон даректүү фильмдерди даярдадым. Менин бул эмгектерим көрүнүктүү кинорежиссёрлордун, кино тармагынын тажрыйбалуу мыкты адистеринин жакшы баасын алды. Ушул мени кубандырды, шык, түрткү берди. Андан сырткары мамлекеттик тапшырык менен да даректүү фильмдерди жасадык.
— Телерадиодо иштеп жүрүп эмне таптыңыз?
— Отуз жылга жакын Кыргыз телерадиосунда эмгектенип жүрүп аябай көп адамдар менен тааныштым, көп тажрыйба топтодум. Көптөгөн жакшы инсандар менен мамилелеш болдум. Жашоодогу, чыгармачылыктагы өз ордумду таптым, элге таанылдым.
— Эмне жоготтуңуз?
— Чыгарма жазбай калдым.
Таалайбек ТЕМИРОВ