Алдыдагы 10 жылда Кыргызстанда айлык акылар, пенсия жана жөлөк пулдар кеминде үч эсеге көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жарандардын жашоо деңгээли кыйла жакшырмакчы.
— Токчулукта жашайбыз. Ар бир үй-бүлөнүн жок дегенде жылына бир жолу чет өлкөдө эс алып келүүгө мүмкүнчүлүгү болушун каалайбыз. Апаларыбыз кышында Таиландга же башка курортторго барып эс алып келишсе дейбиз. Мындай көрүнүштү азыр Россиядан, Казакстандан көрүп жатабыз. Биз да жылына 9-10% экономикалык өсүштү камсыз кыла алсак, жакынкы 2-3 жылда эле казакстандыктардын жашоо деңгээлине жетебиз, — деди Байсалов.
Ошондой эле ал Кыргызстан Казакстанга салыштырмалуу ресурстук мүмкүнчүлүктөрү аз экенин белгилеп, мамлекет мугалимдердин, дарыгерлердин, журналисттердин жана башка социалдык кызматкерлердин турмушун жакшыртууга аракет кыларын кошумчалады.

