Бишкектин түштүк тарабындагы тоолорго узундугу 14 чакырымдан ашкан веложол курулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Жол Байтик айылындагы аркадан «Байтик тоо курортуна» чейин барат. Велосипед үчүн жол салына турган азыркы унаа жолу алты километрге созулат. Анын ичинен 350 метри кайра курулат.
Ала-Арча дарыясына эки көпүрө курулат, анын бири мурдагы көпүрөнүн ордуна, экинчиси жаңы жерге салынат. Бул жерде да веложол каралат.
Долбоорго унаа токтотуучу жайлар жана велосипед токтотуучу жайлар кирет. Аны Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун заказы боюнча «Кыргыздортранспроект» долбоорлоо институту иштеп чыккан. Долбоор буга чейин макулдашылган, курулуш иштери быйыл жазда башталат.