"Эркин-Тоо"

Байыркы Осмон империясындагы кызыктуу адаттар

Суу жана кофе:

Осмон жарандарынын үйүнө киши келип калса суу жана кофе сунушкан.

Эгерде сууну биринчи ичсе, анда ал кишинин ачка экенинин белгиси болуп, тамак-аш даярдап беришкен. Ал эми кофени биринчи ичсе, ал кишинин ток экенинин белгиси болгон.

Кызыл гүл жана сары гүл:

Эгерде үйдүн эшигинин алдында сары гүлдөр болсо, ал үйдө оорулуу адам бар экенинен кабар берген. Ал жерден өткөн адамдар, кошуналар оорулууну беймаза кылбоого аракет кылышат эле. Ал эми үйдүн алдында кызыл гүл болуп калса , ал үйдө бой жеткен кыз бар экенинен кабар берип, ал жерден өткөн адамдар кызды урматтап жаман сөз сүйлөөдөн алыс болушкан жана ал кыздын колун сураса болот деген белги болгон.

Алтымыш үч жаш:

Осмон жарандарынын бири алтымыш үч жаштан ашып кеткен болсо жана эгерде анын жашы суралып калса пайгамбарыбыз С.А.В дын жашынан жогорку жашты айтууну уят деп эсептешкендиктен ыйбаа кылып » БИЗ ЧЕКТЕН АШЫП КЕТТИК БАЛАМ » деп жооп беришкен.

Садака :

Осмон жарандарынын байлары садака берүүгө ашыгышат эле. Бирок алар  садака берип кедейлерди ыңгайсыз, кыжаалат кылбоо үчүн дүкөндөргө барышып, ал жерден кайсы бир кембагалдын карыз алып, ал карызы дептерге жазылган болсо, ошонун карызын төлөп , дептерден чийдирип салышчу экен…

Эшик каккыч:

Осмон жарандарынын үйүнүн эшигинде эки түрлүү эшик каккыч болгон , бири чоң , бири кичинекей. Эгерде эшиктин чоң каккычы кагылса , ал үйгө эркек киши келди деген белги болуп, үй эшигин эркек киши ачар эле. Ал эми эшиктин кичинекей каккычы кагылган болсо, үйгө аял киши келди деген белги болуп, үй эшигин аял киши ачаар эле.

Которгон : Руслан Түгөлбаев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!