Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры жайгашкан имарат мурда пионерлердин ордосу болгон. Өлкөбүздөгү эң эски имараттардын катарындагы имараттын курулушу 1939-жылы башталган. Ортодо согуш башталып кетип токтоп калып, кийин улантылып, 1951-жылы бүткөн экен. Ошондон бери капиталдык ремонт болбогон имараттын абалы мышык ыйлай турган абалга кептелген. Былтыр аталган имарат оңдоо иштерине байланыштуу жабылган. Бир жыл ичинде толугу менен оңдолуп, жаңыланып, жаркырап турат. 2024-жылы экс-министр А.Максүтовдун буйругу менен имарат Улуттук маданий борборунан театрдын карамагына өткөрүлүп берилип, театр толугу менен имаратка ээлик кылып калган. Ремонт иштеринен кийинки театрдын ачылышы май айына пландалууда, биз ага чейин оңдоп-түзөө иштеринен кабар алып келдик. Учурда аталган театрды Алыбаев Акылбек Исабекович жетектейт. Ал буга чейин К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрын жетектечү. 2024-жылы борборго которулуп келген. Келгенде эле берилген тапшырманын үстүндө иштеп, имаратты оңдоп-түзөөгө киришкен. Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү боюнча Акылбек Исабекович бизге буларды айтып берди.
“Аябай чириптир, кантип кармалып турганын билбейм”
“Курулгандан бери ремонттолбоптур. Эми абалы боюнча мен бир эле окуяны айтайын, ушул жерде студенттик фестиваль болуп жаткан. Так ошол спектакль учурунда чатырдан топурак түшө баштады, биз дароо токтоттук. Ошентип, жедеп эскилиги жетип, иштөөгө мүмкүн болбой калганда имаратты оңдоо иштерине жаптык. Бизди таң калтырганы, бардыгы жыгачтан экен. Аябай чириптир, кантип кармалып турганын билбейм. Чатырды толугу менен алып, төрт дубалын эле калтырдык. Ал дубалдарды да тээ кирпичине чейин сыйрып, полун да алып, имараттын сөлөкөтүн эле калтырып, толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Жылытуу системасын жана канализацияны толугу менен жаңырттык. Маданий мурас болгондуктан, сыртын алгачкы баштапкы өңүнө келтиргенге аракет кылдык. Имараттын сырткы келбети өзгөртүлбөшү керек деген талап боюнча эч нерсесине тийген жокпуз. Болгону кызматтык кире беришине жаандан, кардан корголоочу тосмо койдук. Себеби, дубалга жаан тийип, суу боло берчү. Имараттын артында да колонна бар эле, ошол жерди да айнек менен бекиттик. Кар, жаан жааган сайын суу болуп, имараттын арткы тарабына жарака кеткен. Ошондуктан, мындан ары да зыяны тийбеши үчүн ошол жакты айнек менен жаптырдык. Эми ал жакка кар да, жаан да кирбей, таза, кургак бойдон турат” – дейт театр жетекчиси. Анын айтуусунда, пионерлер үйү болгондуктан, имаратты театрга айландыруу өтө оорго турган. Себеби, театрдын өзүнүн системасы бар. Жарык жана үн берүүчү өзүнө тиешелүү шарттары болушу шарт. Декорация жагы, костюмдарды тиге турган тигүүчү жай болушу керек. Ошолордун бардыгына ылайыкташтырып, эшик теше турган жерден эшик чыгарып, алууга зарыл болгон дубалдарды алышкан. Темир конструкция менен балкондорду жасашып, түркүктөрдү алып, кеңейтип дагы 50 орун кошушкан. Натыйжада 120 орундуу негизги зал, 172 орундуу болуп калган. Ошондой эле, дагы бир балкону менен 130 орундуу эксперименталдык лаборатордук спектакль кое турган кичи зал жасалды.
“Жаштар келип жатат, бирок, орун жок”
Имарат маданий мурас эстеликтеринин тизмегине киргендиктен, “Көөнө тарых сырлары” программасынын алкагында өкмөттөн 79 млн 143 миң сом бөлүнгөн. Андан сырткары механикалык, жарык жана үн берүүчү жабдууларга, эмерек, чарба буюмдарына дагы кошумча 33 млн сом, театрдын отургучтарына да 4,5 млн сом берилген. Краснодардан 192 кресло алынып келинип, учурда орнотулуп жатыптыр. Ошондой эле имараттын ичи-сыртына баш-аягы 24 видео камера орнотулуптур.
“Театр бул жакка 1996-жылы көчүп келиптир. Негизи театрдын түзүлүшүнө жана бул жакта жайгашып калышына ыраматылык режиссер А.Сарлыкбековдун эмгеги зор болгон. Негизи жаш көрүүчүлөр театры 1929-жылы түзүлүп, ортодо кайра токтоп калып, 1996-жылы кайрадан түзүлөт. Театрдын мурда имараты болбогондуктан, жууп-тазалоочу, кароолчу, короо-жайды тазалоочу, инженерлер сыяктуу жетиштүү штат бирдиктерин алган эмес. Азыр 83 штат бирдик бар, бул жетишсиз. Ошонун ичинен отузу актерлор, калганы чыгармачыл топ, режиссерлор, көркөм жетекчилер. Көмөкчү персонал жана техникалык тейлөө кызматкерлери бар. Ал эми стандарт боюнча 109дан кем эмес кызматкер болушу шарт. Мисалы, бизге бир топ штат бирдиктери жетишпейт. Алсак, азыр бизде контролерлор жок. Жаштар келип жатат, бирок, бул жакта баарына эле орун жок. Мен бул маселени дайыма көтөрүп келем. Мамлекет балдарды окутат, бирок ал балдар кийин тээ Нарын же Баткен театрына барып иштегиси келбейт. “Жакшы көргөн балаңды шаар көрсөтпө” дегендей, шаарга келип окуп, билимдүү болгон соң айылга баргылары келбей калат тура. Бардыгы эле шаарда калгысы келет. Мында баарына эле жумуш жок. Мен Талас театрында иштеп жүргөндө студенттерге жалдырачумун. Жатаканаңды берейин, айлык бар, иштеп бер десең да эч ким барбайт. Саналуу эле профессионал актерлор бар. Бардык аймактык театрларда ушул көрүнүш. Мендеги жаш актерлор 0,5-0,25 ставка менен иштешет. Ошого кайыл. Ал эми актерлук кесипте 70-80 жашка чейин иштей берет. Эч кимди кетире албайбыз. Бирок, таланттуу, мыкты чыгып келе жаткан жаштарыбыз дагы жок эмес. Алсак, Кымбатбек Алимжан уулу деген актерубуз бар. Жакында эле Улуу Ата Мекендик согуштагы баатыр Мендеш Өмүралиев туурасында «Мосфильм» киностудиясына барып, башкы ролду ойноп келди. Мына ушундай жаштарыбыз менен сыймыктанабыз. Спектаклдеги негизги ролдор эки актерго берилиши керек. Бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Бирөөгө бересиң, 2-аткара турган кишиси жок. Анткени, актер жетишпейт. Кокус ошол күнү ошол башкы ролду ойногон актер ооруп калса, ал спектаклди башка күнгө которууга туура келет. Себеби, алмаштырып ойноп кете бергенге мүмкүнчүлүк жок. Негизи стандарт боюнча бизде актердук курамда 54 штат бирдик болушу керек эле. Анткен менен кол куушуруп отура бербей, репертуарыбызга өзгөртүү киргизип иштеп жатабыз” – дейт Акылбек Алыбаев.
“30 жылда артка кетип, бир муунду, көрүүчүнү жоготуп алганбыз”
Апрель айында Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театры Екатеринбург шаарына гастролго барып келди. Былтыр Вахтан театралдык менеджерлеринин фестивалы өтүп, анда биргелешкен меморандумга кол коюлуп, эки тарап чогуу иштешмей болушкан. Ошонун негизинде быйыл Екатеринбургдун жаш көрүүчүлөр театрынын 95 жылдыгына карата уюштурулган сынакта биздин жаш көрүүчүлөр театры жеңип чыгып, эки күндүк гастролго барып келишкен. “Анда Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” чыгармасынын негизинде Жаныш Кулманбетовдун инсценировкасында “Эсиңе кел, Жоломан” спектаклин койдук. Анан экинчиси француз жазуучусу Эрик-Эмманюэль Шмиттин “Оскар и Розовая Дама” чыгармасынан “Письма самолетики” спектаклин койдук. Эл жык-жыйма келди, өтө бай тажрыйба алдык. Алар көрүүчүлөрүн сактап калыптыр. Спектакль учурундагы көрүү маданияты эми бир укмуш. Театрда орун жок, билеттер бир ай мурда сатылып кетет экен. Залга кечигип кирген бирөө жарымды көрбөдүк. Аларда “Пушкин картасы” деген мамлекеттик программа бар экен. Бул программада ар бир мектеп окуучусунун эсебине мамлекет 5 миң рубль которуп берип, аны менен бала музейге, киного, театрга кирүү укугуна ээ болот. Бир жыл бою колдонуп, башка жактарга корото албайт дешти. Дагы бир таң калтырганы, театрга ошол бала менен кошо ата-энеси да келсе болот. Бизде бала эмес, ата-энени театрга алып келе албайсың го. Демек, ошол ата-эне да бир кезде ата-энеси менен театрга келген. Бул тарбия, маданият. Балага түшүнбөгөн нерселерин айтып берип жатышты. Бизге да ошондой “Пушкин картасындай” программаны киргизишибиз керек. Болбосо 30 жылда артка кетип, бир муунду, көрүүчүнү жоготуп алганбыз. Актерлорго көңүл бурулбай, өз арбайларын согуп, эл театр эмес, башканы ойлоп калган. Азыр Кудайга шүгүр, акырындык менен оңолууда. Өлкө башчыбызга жана министрликке ыраазычылыгыбызды билдиребиз! Канча жылдан бери оңдолбой жаткан имаратыбыз оңдолуп, спектакль койгула деп эбегейсиз каражаттарды берип жатат. Спектаклден түшкөн каражаттын 30 пайызын айлыкка кошуп берип, иштегенге толук шарт түзүп беришти. Мамлекеттин маданиятка болгон көз карашы эң сонун” – дейт Акылбек Исабекович.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА