Жаргылчак айыл аймагы – өзүнүн табигый кооздугу, элинин меймандостугу жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен айырмаланган аймактардын бири. Учурда бул айыл аймакты өнүктүрүү жаатында бир катар маанилүү кадамдар жасалып, айрыкча инфраструктураны жакшыртуу жана инвестиция тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Аймак башчысы Бактияр Ургазиевдин жетекчилиги менен Жаргылчак айыл аймагында ири долбоорлор иштелип чыгып, аларды ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Анын негизги максаты – аймактын экономикалык потенциалын көтөрүп, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Аймак Ысык-Көлдүн жээгинде жана эл аралык маанидеги жолго жакын жайгашканы – логистикалык борборлорду куруу үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Бактияр Ургазиев бул артыкчылыкты эске алып, аймакка жүк ташуучу жана сактоочу борборлорду куруу долбоорун сунуштап, учурда тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып жатат. Бул долбоорлор ишке ашса, аймакта иш орундары түзүлүп, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарларын ири базарларга жеткирүү мүмкүнчүлүгү кеңейет.
Аймактын дагы бир артыкчылыктуу багыты – бул туризм. Ысык-Көлдүн күнгөй жээгинде жайгашкан Жаргылчак аймагында туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында пляждарга инвестиция тартуу аракеттери жүрүүдө. Бул багытта жеке ишкерлер менен кызматташуу, жергиликтүү инвесторлорго шарт түзүү боюнча иштер жигердүү жүрүп, айрым жерлерде туристтик зоналарды жайгаштыруу боюнча пландар иштелип чыккан.
Бактияр Ургазиев – айыл өкмөт башчысы катары аймактын ресурстарын туура пайдаланып, стратегиялык пландарды иштеп чыгууга жана инвесторлор менен натыйжалуу иш алып барууга умтулууда. Анын жетекчилиги астында Жаргылчак айыл аймагы инвестициялык жактан келечеги бар аймактардын катарына кошулууда. Алдыңкы жылдары бул демилгелердин ишке ашышы менен аймактагы туризм, соода, логистика тармактары өнүгүп, жергиликтүү элдин жашоо сапаты дагы жогорулайт деген ишеним чоң. Аймактарды ирилештирүү процесси менен жумуш көбөйгөнүнө карабай, Бактияр Ургазиев биз менен маек куруп, аймактагы иш-аракеттери тууралуу кеңири айтып берди.
Социалдык — экономикалык өнүгүү багыты
— Жаргылчак айыл өкмөтүнө караштуу Даркан, Жеңиш, Ак-Терек, Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак айылдарында жалпысынан 19 430 адам жашайт. Аймактын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджети 77 571 300 сомду түздү. Аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында бир катар маанилүү иштер жана ири долбоорлор ишке ашырылууда.
Ак-Терек айылы – Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун курулушу үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 19 млн сом бөлүнүп, учурда курулуштун 90 пайызы аяктап, жакын арада пайдаланууга берилет. Айылдын башкы планы үчүн республикалык бюджеттен 2 млн 818 миң сом каралып, аэрофото жана топографиялык сүрөткө тартуу иштери бүткөрүлдү. Учурда генплан даярдалып жатат.
Логистикалык борбор курууга республикалык жана жергиликтүү бюджеттен 8 млн 18 миң сом бөлүнүп, курулуш иштери жүрүп жатат. Азыркы тапта борбордун ички жабдууларына каражат издөө иштери уланууда. Айылдагы таза суу көйгөйүн чечүү үчүн Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу менен 10 млн сомдук каржылоого макулдашып, Ак-Терек айылынын таза суусуна 5 млн 362 миң сом акча каражатына суу түтүктөрү сатылып алынып, курулуш иштери башталуу алдында турат.
Кичи-Жаргылчак айылы – республикалык бюджеттин эсебинен 74 млн сомго бала бакча курулуп, 90 пайызы бүткөрүлдү. Айылга «Аксакалдар санжыра маданий борбору» курулуп, 13 млн 200 миң сомдук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылды.
Даркан айылы – 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктап, ага 68 млн сом сарпталды. Момбаев көчөсүнө жергиликтүү бюджеттен 404 миң сомго жарыктандыруу үчүн электр мамычалары орнотулуп жана зымдар тартылды. А.Сатылканов атындагы орто мектепке 813 миң сомго 10 көзөнөктөн турган заманбап сырткы ажаткана курулду.
Жеңиш айылы – Өстөн-Арык участогунда 1 млн 424 миң сомго 31 асбест көпүрө орнотулду. Логистикалык борбор куруу долбоору даярдалып, жалпы суммасы 4,5 млн долларды түзүүдө. Учурда керектүү документтер даярдалып, курулуш иштери башталууда.
Чоң-Жаргылчак айылы – айылга эки электр чордону 650 миң сомго орнотулду.
Алдыдагы ири долбоорлор
— 2025-жылы Жаргылчак айыл өкмөтү бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат. Бул иштер айылдардын социалдык, билим берүү, энергетика жана туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган.
Чакан ГЭСтерди куруу боюнча Чоң-Жаргылчак жана Ак-Терек айылдары менен чогуу чакан ГЭС куруу боюнча «Жаргылчак Энерджи» жана «ДАТТ Энерджи» ЖЧКлары иш алып барып, капсула салуу аземи өткөрүлдү. Учурда географиялык тактоо иштери жүрүп жатат. Эгер долбоор толук ишке ашса, 16,5 млн долларлык инвестиция тартылмакчы.
Энергетикалык абалды жакшыртуу багытында Даркан айылында кичи ГЭС куруу боюнча 76 млн долларлык ири долбоор сунушталган.
Кичи-Жаргылчак айылында электр энергиясын туруктуу камсыздоо үчүн электр подстанциясын куруу долбоору иштелип чыгып, анын жалпы суммасы 2 млн долларды түзөт.
Ак-Терек айылынын Ж.Жунушев атындагы орто мектебине кошумча окуу корпусун куруу үчүн 98 млн сомдук долбоор даяр. Т.Мурзабеков атындагы орто мектептин сыртын капиталдык оңдоого 4 млн 838 миң сомдук грант аркылуу каржылоо пландалууда. Долбоор башталуу алдында турат.
Чоң-Жаргылчак айылында кошумча 100 орундуу мектептин корпусун куруу үчүн 70 млн сом талап кылынууда. С.Мендебаев атындагы орто мектепке спорт залын куруу үчүн 20 млн сомдук долбоор, Жеңиш айылында заманбап спорт комплексти куруу боюнча 80 млн сомдук долбоор, ушул эле Жеңиш айылында 100 орундуу жаңы бала бакча куруу боюнча 80 млн сомдук долбоор даяр.
Аймактык долбоорлор
— «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жергиликтүү бюджеттен 359 миң сом каралып, аймак боюнча видеокөзөмөл камералары орнотулду.
Жеңиш айылында БМР курууга 2,5 млн сом каралган. Ушул эле айылдын электр линияларын жаңыртуу үчүн 350 миң сом талап кылынат.
Кичи-Жаргылчак жана Чоң-Жаргылчак айылдарында ар биринен 1 км ички жолду асфальттоо үчүн 13 млн сомдон каралышы керек. Даркан айылында 2,5 км жолду асфальттоо иштери пландалып жатат.
Жеңиш айылындагы тоо этегине жасалма мөңгү жасоо иштери пландалууда, анын болжолдуу наркы – 250 миң сом. Даркан айылына сейил бак куруу долбоору даяр болуп, бекитилген смета боюнча 8 млн 800 миң сом талап кылынат.
Туризмди өнүктүрүү, муниципиалдык пляждарды куруу
— Чоң-Жаргылчак айылынын тоолуу аймагында туристтер үчүн кичи коттедждерди куруу пландалууда. Бул долбоорго 1 млн сом керек. Ал эми Жаргылчак айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда көл жээгин эл үчүн ыңгайлуу эс алуу жайларына айлантуу, ошондой эле социалдык жана инфраструктуралык объекттерди куруу боюнча бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууга даяр.
Ак-Терек айылында көл жээгинде муниципалдык пляж түзүү боюнча даярдык иштери жүрүп, долбоор даяр болду. Жалпы сметалык наркы – 77 млн сом. Жеңиш айылында “Азамат пляжы” деп атала турган муниципалдык пляж куруу долбооруна 80 млн сом каралууда. Даркан айылында да көл жээгинде эл үчүн ачык эс алуу жайын куруу пландалып, долбоордун жалпы суммасы – 80 млн сомду түзөт.
Даркан жана Жеңиш айылдарындагы көл жээктеринде жайгашкан пляждарга пирс орнотуу боюнча айыл өкмөт тарабынан тиешелүү мекемелерге каттар жөнөтүлүп, корутундулар алынды. Бул багытта техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда.
Социалдык жана маданий объекттер
— Жаргылчак айыл өкмөтүнүн имаратына кошумча курулуш иштери жүрмөкчү. Бул долбоордун жалпы наркы – 10 млн сом. Жеңиш айылында 1 га жерге улуттук баалуулуктарды даңазалаган этно-комплекс куруу пландалууда. Бул максатта 20 млн сом талап кылынууда.
Ак-Терек айылындагы «Тополек» балдар эс алуу лагерине бассейн куруу жана ирригациялык суу каналын оңдоо иштери пландалууда. Жалпы наркы 10 млн сом болгон бул долбоорду түрткү берүүчү грант аркылуу ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.
Салык жыйноо боюнча көрсөткүчтөр
— 2025-жылдын экинчи чейреги боюнча салык жыйноо пландары негизинен ийгиликтүү аткарылды. Жалпы салык чогултуу – планы 107,6%ды түздү. Огород салыгы боюнча 300 миң сом план берилсе, 305 600 сом түшүп, аткарылышы 102,1% болду; Кыймылсыз мүлк салыгы – 305 200 сом пландалса, 312 400 сом жыйналып, 102,4% аткарылды.
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы – 570 миң сомдук пландын ордуна 739 700 сом жыйналып, 129,8% ийгиликке жетишилди. Таштандыларды чыгаруу кызматы үчүн 186 600 сом план каралса, 96,400 миң сом гана түшүп, 51,7% гана аткарылды.
Жер мунапысын жүргүзүү иштери
— Жаргылчак айыл аймагында мыйзамсыз курулуштарды мыйзамдаштыруу боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. Жер мунапысын жүргүзүү комиссиясына жалпы 431 жарандан арыз түшүп, алардын ичинен 205 жаранга мамлекеттик органдардын оң корутундусу берилип, 190 жарандын документтери расмий тапшырылды. Дагы 180 арыз комиссиянын кароосунда болуп, алардын ичинен 74 арыз каралып, 49 арыз боюнча оң, 25 арыз боюнча терс корутундулар берилди. Азыркы тапта кошумча арыздар кабыл алынып, мыйзамдаштыруу иштери уланууда.
Айыл аймагындагы көрүстөндөрдү расмий түрдө каттоого алуу максатында Кадастр мекемеси тарабынан толук топографиялык сүрөткө тартуу иштери жүргүзүлүп, бардык керектүү кадастрдык документтер даярдалды. Жалпысынан 11 көрүстөндүн иш кагаздары бүткөрүлүп, тиешелүү мамлекеттик актылар алынган.
Тазалык боюнча аткарылган иштер
— Аймакта экологиялык коопсуздукту сактоо жана таштанды маселесин көзөмөлгө алуу багытында бир катар иштер жүргүзүлдү. Айрыкча мыйзамсыз таштанды төгүлүүчү жайларды жоюу боюнча аймакта мыйзамсыз иштеп келген үч таштанды таштоочу жай жабылды.
Даркан айылындагы расмий таштанды полигонунда рекультивация иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер калктын жашоо шартын жакшыртууга жана айлана-чөйрөнү таза сактоого багытталган.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча даярдык
— Аймакта өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ыкчам аракет көрүү боюнча даярдыктар тийиштүү деңгээлде жүргүзүлдү. Айыл чарбасына тиешелүү атайын техникалар капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, толук даярдыкка келтирилди. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом каралып, 2 тонна күйүүчү май сатып алынды.
2025-жылдын 18-май күнү, саат 16:30 чамасында Жети-Өгүз районунун аймагында катуу шамал катталып, анын кесепетинен Кичи-Жаргылчак айылындагы Т.Мурзабеков мектебинин, Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар мектебинин чатырлары жабыркап, жараксыз абалга келген.
Тиешелүү мекемелердин корутундусу чыккандан кийин оңдоо иштери жүргүзүлүп, мектептердин чатырлары толугу менен алмаштырылды жана колдонууга берилди. Селдин алдын алуу боюнча аймактагы сел жүрүү коркунучу бар тилкелер оор техникалардын жардамы менен оңдолуп, жерлер түздөлүп, коопсуздук чаралары көрүлдү.
Билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздугу боюнча машыгуулар жана түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Бул иштердин негизги максаты – балдардын, мугалимдердин жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу.
Социалдык коргоо багытындагы иштер
— “Үй-бүлөлүк жана балдарга карата зордук-зомбулуктан коргоо жана алдын алуу боюнча координациялык комиссия түзүү жөнүндө” тескемеге ылайык, Жаргылчак айыл аймагында бул багытта атайын кызматкерлер иш алып барууда. Зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында айыл аймактарында элдик жыйындарда, мектептерде ата-энелердин чогулуштарында, айыл тургундарынын катышуусунда түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө.
Мындан тышкары, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында бардык мектептерде “Ишеним почтасы” ачылып, окуучуларга жашыруун кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мамлекеттик жана жергиликтүү колдоо багытында турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жыл сайын айыл өкмөтүнүн социалдык жана резервдик фондунан 200-300 миң сом каралып, материалдык жардам көрсөтүлүүдө.
Кенже Осмоналиева

