
Соңку убакта Көк-Бөрү федерациясынын ичинде абал жакшы болбой, кырдаал тизгин талашка дейре жеткени коомчулукка чыгып кетти. Биз бул жагдай тууралуу улак тартыш оюну десе ичкен ашын жерге таштаган мурдагы парламент депутаты Бактыбек Райымкуловду кепке тарттык.
— Бактыбек мырза, Кыргызстанда КөкБөрү федерациясынын тизгини буга дейре бийликке ыктагандардын колуна тийип келгени белгилүү. Федерациянын ичинде жакында да тизгин талаш сыртка чыгып кетти. Сиз КөкБөрү күйөрманы катары бул жагына кандай ой айта аласыз?
— Ооба, соңку убакта КөкБөрү федерациясынын курамында өйдө-төмөн жагдайлар болуп кетти. Федерациянын башчысы Талас Бегалиевди өткөн жылы бир добуштан шайлаганбыз. Ал алынын жетишинче бар аракетин кылып иштеди. Бир нерсени баса белгилеп айтып коёюнчу. Көк бөрү оюну, федерация көптөгөн каражатты талап кылат. Азыркыдай шартта көк бөрү оюнуна каражат салам деген капчыктууларды табыш кыйын. Бул жагын моюнга алыш керек. Өткөн жылы Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюнунун башкы байгесине сайылган 1 миллион сом берилбей калган. Федерациянын башчысы Талас Бегалиев учурда жумушсуз жүргөндүктөн каражатты табыш ага да оорчулукту жаратып жатса керек. Андыктан, бийлик тараптан федерацияга материалдык жактан чоң колдоо болбосо болбойт экен. Биздин федерацияга капчыктуу патриот жигиттерден келсе, көк бөрү оюну менен оюнчуларды жаңы деңгээлге көтөрсө деген изги тилегибиз бар. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев иштеп берсеби деген федерация мүчөлөрүнүн сунуштары болгон. Бул жагынан кезексиз съезд да өтүп, өлкөбүздүн аймактарынан келишкен көпчүлүк мүчөлөр (Талас облусунан башкасы) ушул эле сөздү айтышкан. Эгерде Акылбек Түмөнбаев Көк-Бөрү федерациясынын жетекчилигине келип калса, Талас Бегалиевдин өзүнө да жеңил болмок. Бул жагынан көп сөздөр, интригалар чыгып кеткендигине байланыштуу Акылбек Түмөнбаев өзүнүн талапкерлигин алып салды. Чырлуу иштерге аралашууну каалабады окшойт. Эстүү жигит экен. Болгону федерацияда ушундай гана иштер болуп кетти. Негизи федерациянын башына акчалуу адам келсе жакшы болмок. Иш жүрүшүп дегендей. Аныгында Акылбек Түмөнбаев “федерацияны бир жыл жетектеп, бул жагындагы байгелерди эки эсеге чейин көтөрүп берейин” – деп жаткан.
— Тар чөйрөдө сизди Чүй облусунун башына келээриңиз сөз болууда. Негизи бийликтин бир бурчуна келейин деген дымагыңыз орундалчуданбы?..
— Азыр кол-жолум бош, өзүмдүн жеке иштерим менен алек болуп жүрөм. Анча-мынча кызматтарга аракет кылып, жандалбастаган деле жерим жок. Бардык нерсе Кудайдын буйругунан. Биз жашпыз, оомат келсе эл-жер үчүн иштеп койгонго неге болбосун? Сунуш түшсө, албетте, ойлонуп көрөбүз…
— Бийликтин соңку кадамдары сиздин купулуңузга толуп жатабы?..
— Ушул күндөрү Президентибиз колунан келген аракетин кылып жатат. Анын аракетин жамы журт да көрүп турат. Элдин жүгүн көтөрүш оңой эмес да. Башкысы, элжуртубузда тынччылык, ынтымак болсунчу. Башкасы болоор…
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ
№15 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 28-фералы

