"Эркин-Тоо"

Бактыгүл ШЫГАЕВА: “Максатыбыз – айылдын жашоо-турмушун жакшыртуу”

Күн-Чыгыш айыл өкмөтү 1996-жылы Күн-Чыгыш айылдык Кеңешинин базасында түзүлгөн. Анын карамагына Бөкөнбаев жана Арчалы айылдары карайт. Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндө жалпысынан 33 кызматкер, алардын ичинен 12 кызматкер келишим аркылуу эмгектенишет. 21 кызматкердин ичинен 7 кызматкер «Муниципалдык кызматтын отличниги», 1 кызматкер «Мамлекеттик кызматтын отличниги» төш белгисинин ээси болушкан. Айыл өкмөтүндө «Күн-Чыгыш водоканал», «Күн-Чыгыш тазалык», «Төлгө», Темир бетон каражаттарын чыгаруучу муниципалдык ишканалары калкка кызмат көрсөтүп келет. Күн-Чыгыш айылдык Кеңеши, Күн-Чыгыш айыл өкмөтү, муниципалдык ишканалар, жергиликтүү жамааттар, ошондой эле демилгелүү топтордун биргелешкен иш аракетинин натыйжасында бүгүнкү күнгө карата стратегиялык өнүгүү планына белгиленген иш-чаралардын дээрлик 60 пайыздан ашууну аткарылган.

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Шыгаева Бактыгүл Канатбековна аталган айыл өкмөттөгү 2022-2023-жылдар аралыгындагы айылдын социалдыкэкономикалык багытындагы жасалган иштер тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

“Жашыл Мурас” өнөктүгү – таза табиятка өбөлгө — Күн-Чыгыш айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калктын жашоотурмушун, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу жана аймакты жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштерин колго алуу багытында иштер кызуу жүрүп жатат. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган республикалык деңгээлдеги “Мыкты айыл өкмөтү” сынагынын жеңүүчүсү катары өлкөбүздүн төрт бурчуна таанылып калган белгилүү айыл өкмөтү катары коомчулукка үлгү болорлук иштерди алып барууга артыкчылык берип келебиз. “Жаз – жарыш” демекчи, айыл аймагынын көчөлөрүн иретке келтирип, өткөн жылдардан бери жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп жатабыз.

Маселен, Бөкөнбаев айылынын Атакан көчөсүндөгү аллея паркы реконструкциялоодон өткөрүлдү. Б.Мамбетов көчөсүнүн борбордук бөлүгү кеңейтилип, Ленин – Б.Мамбетов көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофорлор жана иштен чыккан түнкү жарыктар толугу менен алмаштырылгандан кийин жаркыраган чырактар түнкүсүн айылдын көркүнө көрк кошууда. Ал эми жол коопсуздугун сактоо максатында айыл ичиндеги борбордук көчөлөрдүн жол сызыктары жаңыртылууда.

Анан дагы Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен “Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн алкагында Бөкөнбаев айылынын борбордук көчөлөрүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү, айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу иштери да жолго коюлууда.

Күн-Чыгыш айыл аймагы тарабынан калктуу конуштарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү, айлана-чөйрөнү санитардык жактан тазалоо боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында жума сайын ишембиликтер уюштурулуп, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. 2023-жылга карата борбордук көчөлөргө декоративдик бакдарактардын, “Күн-Чыгыш тазалык” ишканасы тарабынан гүл көчөттөрүн сатып алууга, жашылдандыруу иштерине жалпысынан 700,0 миң сом акча каражаты каралган. Айыл аймакта таштандылар “Күн-Чыгыш тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан атайын иштелип чыккан графиктин негизинде өз учурунда чыгарылып турат.

Таза суу – өмүр булагы

— Айыл аймагында калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу багытында бир топ долбоорлор ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында тендерден уткан “Энтер-Строй” жоопкерчилиги чектелген уюму тарабынан «Кызыл-Уч» участкасында суу түтүктөрүн жаткыруу максатында узундугу 6 чакырымды түзгөн жер казылып, электр энергиясын тартуу үчүн 9 даана столба, 1 даана трансформатор орнотулган. 50 даана шакекче, 1000 метр полиэтилен трубасы (диаметри 100) алынып келинип, резервуар, пайдубалдын чуңкурун казуу иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө 25 гектар санитардык аймактын айланасы толугу менен корулуп, резервуар казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн жана Күн-Чыгыш айылдык Кеңешинин биргелешкен иш-аракетинин натыйжасында “Катар” кайрымдуулук фонду менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, “Кара-Ой” жаңы конушуна скважина аркылуу таза суу чыгарылды. Бүгүнкү күндө суу алуу курулмалары (водозабор) жана башка тиешелүү жумуштары жасалууда. Буйруса бул долбоор жакында толугу менен бүтөт.

Алдыңкы орундарга – акчалай сыйлык

— Акыркы жылдарда Президентибиз, Министрлер Кабинети тарабынан айыл жеринде сапаттуу билим берүүгө шарттарды түзүү ар тараптуу колдоого алынып келатат. Айыл аймагында билим берүү тармагынын имараттарын талаптагыдай шартта кармап турууга болгон аракетибизди жасап жатабыз. Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектебинин окуу класстары оңдоптүзөөдөн өттү. Окуучулардын билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында Кыргыз Республикасынын дем берүүчү грантына 3940 319 сомдук долбоор жазылып, ал долбоор колдоого алынган. Учурда КРнын Финансы министрлиги тарабынан каржылоо этаптары каралууда. Ушул эле орто мектептин класс, бөлмөлөрүнө тиешелүү эмеректер жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып берилди.

Андан башка Ж.Бөкөнбаев жана Ж.Алтымышбаев орто мектептеринин от жагуучу мештери жарактан чыгып калгандыктан, жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Экострой» ЖЧКсы тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин ишке берилди.

Бөкөнбаев айылындагы бардык билим берүү мекемелеринен “Алтын тамга” сертификатын алган жана жалпы республикалык тестирлөөнүн, республикалык предметтик олимпиадалардын жыйынтыгында райондогу мектептерге салыштырмалуу эң жогорку балл алган окуучуларга жана мугалимдерге, кароо-сынактарда баш байгелерди жеңген таланттуу балдарга, бала-бакчалар арасында областтык, республикалык деңгээлде өткөрүлгөн кароо-сынактарда алдыңкы орундарды камсыз кылган тарбиялануучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Күн-Чыгыш айыл өкмөтү боюнча жалпы республикалык тестирлөөдөн 180 баллдан жогорку көрсөткүчтү камсыз кылган окуучуларга жана айыл аймакта туруктуу жашап, иштейм деген жаш дарыгерлерге айыл өкмөттүн резервдик фондунан баалуу белек жана акчалай сыйлык ыйгаруу боюнча атайын Күн-Чыгыш айылдык Кеңешинин токтому менен атайын жобо кабыл алынган. Айылдагы үч мектепте, жалпы дарыгерлик практика борборунда бул боюнча атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жаңы конуштарга шарт түзүү – учур талабы

— Элет жеринде жылдан-жылга элдин саны көбөйүп, айылдарыбыз кеңейип баратат. Ошону менен жаңы конуштарда жашаган тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү учурдун талабы. 2023-жылга карата “Кара-Ой” жаңы конушунун инфраструктурасын жакшыртууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 755,0 миң сом каралган. Жыл ичиндеги план боюнча жол оңдоо иштери боюнча айыл аймакта ички жолдорду өз учурунда ондоп-түзөөдөн өткөрүп туруу, талаптагыдай кармап туруу максатында 2022-жылы Күн-Чыгыш айыл өкмөтү менен Күн-Чыгыш айылдык Кенешинин биргелешкен иш-аракетинин негизинде жергиликтүү бюджеттен 5 600,0 миң сом, Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 2 400,0 миң сом бөлүнүп, тендерден уткан “Тоң Манжылы Сервис” жоопкерчилиги чектелген уюму тарабынан грейдер техникасы алынып келинди. Ошондой эле “Кара-Ой” жаңы конушуна 2 көпүрө салынды.

2022-жылы аталган жаңы конуштун жер тилкелерине топосъемка жасатылып, жаңы конуштун башкы планына өзгөртүү киргизүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты каралып, жумуштар өз убагында бүткөрүлгөн. Көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн 3 даана трансформатор, элүүдөн ашык столбалар орнотулган. Мындан сырткары аталган конушка тигүү фабрикасы курулуп, учурда 80 адам ал жерде иштеп жатат.

Алыскы жайыттарга баруучу Корумду–Жазы-Кечүү–Туюк-Төр, Сырт өрөөнүндөгү Тосор ашуусунун жолдору, Арчалы-Жылаңач көпүрөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Бөкөнбаев айылынын С.Осмоев, Кыргыз жана М.Тойгонов көчөлөрүн асфальттоо боюнча жыл сайын КРнын транспорт жана коммуникациялар министрлигине кайрылуу жолдоп келебиз. “БешАлтын” жоопкерчилиги чектелген уюму аркылуу Саке-Ажы көчөсүнүн 600 метр аралыгын асфальттоо, Саке-Ажы көчөсүндөгү дөңсөө жолду 4 метрге ылдыйлатуу жана аталган көчөнүн жол жээгиндеги арыктар үчүн тиешелүү материалдарды алып берүү иштери башталды. 2024-2026-жылдардын социалдык пакети үчүн Бөкөнбаев айылынын С.Осмоев көчөсүнүн 2200 метр аралыгын курулуш нормалары жана эрежелерине (СНиП) ылайык асфальттоо жана көчөнүн эки тарабындагы суу өтүүчү арыктарына лотокторду коюу маселеси эки тараптуу келишимге киргизилди.

Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн администрациясы, айылдык Кеңештин депутаттары, жергиликтүү коомчулуктун активдүү өкүлдөрү менен биргеликте жыл башынан белгиленген план-тапшырмаларды өз убагында аткарууга атайын ишчаранын негизинде иш алып баруудабыз. Элибиз учурдун талабын туура түшүнүп, өз алдынча ишкердүүлүк кылуунун жолун өздөштүрүп алышты. Максатыбыз айылдын жашоо-турмушун жакшыртуу болгондуктан, аймакка инвестиция тартуу жаатында, ишкерлерди колдоо боюнча болгон шарттарды түзүп берүүдөбүз.

Бактыгүл КУЛАТАЕВА
№38 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 12-майы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!