"Эркин-Тоо"

Бакуда «Тоолор кулаганда» китебинин бет ачары өттү

20-сентябрда Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинде  жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата азербайжан тилине которулган «Тоолор кулаганда» аттуу китептин бет ачаары болуп өттү.

КР ТИМден билдиргендей, элчиликтин колдоосу менен жарыкка чыккан китепке «Тоолор кулаганда» романынан сырткары жазуучунун башка чыгармалары дагы кирген.

Иш-чарага Ч.Айтматов атындагы Эл аралык фонддун башчысы Эльдар Айтматов, котормонун автору — азербайжан жазуучусу жана котормочосу Нариман Абдулрахманли, Баку шаарындагы элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын башчылары жана кызматкерлери, Азербайжан Республикасынын расмий өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын элчиси Кайрат Осмоналиев Ч.Айтматовдун Азербайжанга өзгөчө мамилеси болгондугун, анын азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиев менен болгон жылуу мамилелери жана жазуучунун Азербайжандын «Достук» ордени менен сыйланышы, ал орденди президент Ильхам Алиев тапшырганы муну күбөлөндүрүп тургандагын белгиледи.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!