"Эркин-Тоо"

Бакыт Чомоев «Кыргызавтожол» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды

Бакыт Чомоев «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Башкы директорду транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев ишкананын жамаатына тааныштырды.

Белгилей кетсек, Бакыт Чомоев буга чейин аталган «Кыргызавтожол» ишканасында директордун орун басары болуп эмгектенген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!