"Эркин-Тоо"

Бакыт ДЖАНГАЗИЕВ: “Биздин милдет медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу”

Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт ДЖАНГАЗИЕВ

Кыргызстандыктар өткөн айдын орто ченинен тарта өзү каалаган поликлиникага, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна барып катталуу укугун алышкан.

Бул өзгөрүүлөр Саламаттык сактоо министрилиги тарабынан калкты медициналык мекемелерге каттоо жолжобосун жөнөкөйлөтүүгө, жарандар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга жардам берүү үчүн кабыл алынган.

Реформага ылайык ар бир адам катталган жерин кварталына бир жолу алмаштырууга да укуктуу. Катталуу үчүн жеке идентификациялык номерин камтыган паспорт, айдоочулук күбөлүк талап кылынары айтылган. Мындай кадам медициналык жардам алуудагы тоскоолдуктарды азайтууга жардам берет. Бирок, реформанын алкагында айрым суроолор да пайда болбой койгон жок. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев айрым суроолорго жооп берди.

— Саламаттык сактоо министрлиги калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртууга багыттаган реформа баштады. Эми ар бир адам каалаган ҮМБ барып катталуу укугун алды. Бирок, бул айрым шаарлардагы, айылдардагы поликлиника ишин солгундатып койбойбу?

— Тескерисинче бул бизге кайсы медициналык мекеме жакшы иштебей жаткандыгын ачыктап берет. Эгер эл сапаттуу медициналык тейлөө издеп, саналуу поликлиникаларга кайрыла башташса, анда кардарларсыз калган поликлиника, ҮМБлардын ишин жакшыртууга туура келет. Биз муну менен атаандаштыкты күчөтөбүз деген ойдобуз. Эгер адамдар белгилүү бир үй-бүлөлүк медицина борборунан массалык түрдө баш тарта башташса, анда ал жерде кандай маселе бар экендигин изилдейбиз. Биздин милдет – аймактарды бардык мыкты медициналык тейлөө менен камсыз кылуу, өнүгүү стратегиясын түзүү жана башка.

— Бул реформанын кемчиликтери болушу мүмкүнбү? Аларды алдын алуу үчүн кандай кадамдар жасалган?

— Биринчи кемчилик бул бир эле поликлиникага элдин эсепсиз агылышы болушу мүмкүн. Мындай акыбал түзүлбөс үчүн бардык поликлиникалардын, үй-бүлөлүк медициналык борборлордун ишин жакшыртууга аракетибизди жасап жатабыз. Мурда биз жарандардын арыздарын кабыл алып, алардын үстүнөн иштечүбүз. Азыр бардык маселелерди алдын алууга өттүк.

— Чектөөлөр болобу же үй-бүлөлүк медицина борборлору жарандарды эсеби жок кабыл ала береби?

— Ар бир ҮМБдө белгилүү бир чек болот. Кээ бирлери 100 пайызга толгондон кийин кардарды кабыл ала албай калат.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА
№38 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 12-майы

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!