Ооба, буга дейре “белчебизден карызга көмүлдүк!” деп кыйкырып келсек, соңку 3 жылда экономикалык жактан кыйла бутубузга туруп, жаңы доорго карай бет алдык. Чет элдик инвестиция экономикабыздын канын тазартып, санариптештирүү саясаты жашообузду кыйла жеңилдетип жатканын кантип танабыз? УКТнын жок болушу, туризмдин жанданышы, өндүрүш көлөмүнүн өсүшү менен жемкорлуктун төмөндөшүн сезип жатабызбы? Өлкөбүздөгү жумушчу күчүнүн жетишпей жатышы эмнени билдирет? Мамлекеттик башкаруу дал ушундай ыргак менен жүрүп отурса, жап-жакын эле жерден керемет коңгуроонун доошу угуларына бөркүңөрдөй ишенсеңер болот. Өлкөдөгү абалга карата Бакыт Нарбеков биздин гезит аркылуу өз пикирин билдирди.
Мамлекеттүүлүк жана өнүгүү: Жаңы доордун көрсөтмөлөрү
— Соңку үч жыл аралыгында Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалы мурдагыга салыштырмалуу кыйла бекемделип, улуттук туруктуулуктун жаңы этапка өткөнүн ишенимдүү айтууга болот. Бул көрүнүштү жалгыз гана саясий чечимдер же экономикалык чаралар менен түшүндүрүү жетишсиз. Ириде – бул Жараткандын амири, андан соң – Өлкө Жетекчилигинин, мамлекеттик институттардын ар бир баскычында күнү-түнү тынымсыз иштеп жаткан инсандардын жогорку жоопкерчилиги менен ак ниет эмгегинин жыйынтыгы.
Президент Садыр Жапаровдун саясий эрки, элдин мүдөөсүнө багытталган реформалык чечимдери жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого болгон чечкиндүү кадамдары бул процессте башкы кыймылдаткыч күч катары чыкты. Президенттин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан тышкы жана ички саясат өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүп, улуттук коопсуздукту жана экономикалык өз алдынчалыкты бекемдөөгө багытталып келет. Ошол эле учурда мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылууда жана коопсуздук системасын кайра түзүүдө КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ишмердүүлүгү — өзгөчө белгилөөгө арзыйт. Анын жетектөөсүндө уюшкан кылмыштуу топторго каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүлүп, өлкө ичинде мыйзамдуулук, тартип жана коомдук коопсуздук жогорку деңгээлде камсыздала баштады. Бул туризмдин кайра жанданышына, инвестициялык климаттын жакшырышына жана жалпы элдин бийликке болгон ишениминин өсүшүнө өбөлгө болууда. Мындай системалуу жана максаттуу иш-аракеттердин натыйжасында өлкөбүздүн мамлекеттүүлүгү бекем пайдубалга ээ болуп, эл аралык аренада Кыргызстандын аброю өсүүдө. Ал эми ички ресурстарды туура багыттоо аркылуу туруктуу өнүгүү жолуна чыгуунун шарттары түзүлүүдө.
Карыздан чыгуудан санарип доорго карай
— Буга чейин “белчебизден карызга баттык” деген эл арасындагы тынчсыздануу негизи бар көрүнүш болчу. Чын эле өлкөнүн сырткы карыз жүгү өсүп, ички экономикалык башкарууда айрым терс тенденциялар орун алган. Бирок, соңку үч жыл аралыгында жүргүзүлгөн каржылык тартипти калыбына келтирүү, мамлекеттик каражаттарды туура жана натыйжалуу бөлүштүрүү, ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча системалуу иш-аракеттер өлкө экономикасын кайрадан жандандырууга негиз түздү. Мамлекеттик каржылоонун ачыктыгын камсыз кылуу жана ресурстарды натыйжалуу башкаруу өлкөнүн каржылык туруктуулугун камсыздап, эл аралык деңгээлдеги ишенимди да арттырды. Бул аракеттердин алкагында эл аралык көз карандысыз каржы институттары да КРнын экономикалык көрсөткүчтөрүндө байкалып жаткан туруктуулукту жана өстүрүү багытындагы динамиканы оң баалоого өтүштү. Өлкөбүздө жигердүү жүрүп жаткан санариптештирүү саясаты мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, бюрократиялык тоскоолдуктар менен кошо жемкорлуктун деңгээлин да төмөндөтүүгө шарт түзүүдө. Бул — мамлекеттик башкаруу системасындагы сапаттуу өзгөрүүнүн маанилүү көрсөткүчү. Ошону менен бирге өлкөбүздүн расмий алтын-валюта резервдеринин көлөмү да олуттуу түрдө өсүп, бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөлүк рейтингдерде ишенимдүү позицияларды ээлей баштады. Мамлекеттин алтын запасы боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кошулушу — бул биздин каржы секторубуздун туруктуулугунун жана стратегиялык көз караш менен жүргүзүлгөн саясаттын ачык далили болуп саналат. Ушул сыяктуу аракеттер Кыргызстанды кайрадан бутуна тургузуп, экономикабызга “кан жүгүртүп”, ишеним арттырды. Санариптештирүү саясатынын жигердүү жүрүшү мамлекеттик кызматтарды элге жеткиликтүү жана ачык кылып, бюрократия менен жемкорлукту азайтууга салым кошууда.
УКТнын жок болушу – коопсуздуктун бекемдигин шарттайт
— Уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) системалуу түрдө жоюлушу өлкөбүздүн ички коопсуздугунун сапаттык деңгээлде камсыздалышына чоң салым кошту. Мыйзамдуулуктун орнотулушу жана тартиптин чыңдалышы — инвесторлор үчүн эң башкы факторлордун бири. Андыктан, азыркы шартта эл аралык инвесторлордун өлкөгө болгон ишениминин жогорулашы мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан укуктук жана коопсуздук реформалары өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырып, өзгөчө туризм жана инфраструктура тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүүдө. Жаратылышы көркөм жана туризмге ыңгайлуу болгон Кыргызстанга чет элдик капиталдын агылып келе баштаганы — биздин мамлекеттик башкаруудагы чечкиндүү реформалардын жемиши экенин көрсөтөт. Мындай долбоорлордун эң көрүнүктүү мисалы Президент Садыр Жапаровдун түз демилгеси менен башталган “Ала-Тоо Резорт” долбоорун атай кетүүгө болот. Бул — мамлекеттик маанидеги, көп тармактуу өнүктүрүү концепциясын камтыган, келечекке багытталган уникалдуу долбоор. Анын ишке ашуусу Кыргызстандын кышкы туризм рыногунда Борбор Азия аймагында гана эмес, эл аралык кеңири аренада да атаандаштыкка жөндөмдүү багытка чыгышына өбөлгө болот. Долбоордун алкагында мамлекеттин каражатынын эсебинен аркан жолдордун курулушу, негизги инженердик жана туристтик инфраструктуранын түзүлүшү — бул келечекке болгон инвестиция. Бул кадамдар — экономикалык диверсификациянын, региондорду өнүктүрүүнүн жана калкты иш менен камсыздоонун ишенимдүү негизи катары бааланууга тийиш.
Жумушчу күчүнүн тартыштыгы – жаңы чакырык
— Бүгүн өлкөдө эмгек рыногунда кадрдык жетишсиздик маселеси ачык байкалууда. Бул көрүнүш, бир жагынан, позитивдүү фактор катары каралышы мүмкүн — экономиканын жанданып, жаңы жумуш орундарын түзүп жатканынын белгиси. Бирок, ошол эле учурда бул — билим берүү системасындагы, кесиптик-техникалык даярдоо программаларындагы жана жумушчу күчүн өлкө ичинде кармап калуу стратегияларындагы боштуктардын да айкын көрсөткүчү болуп саналат. Мындай шартта мамлекеттик саясаттын кийинки багыттары биринчи кезекте ички кадрдык потенциалды жогорулатууга, жаштарды мекенинде иштеп калууга кызыктырууга жана реалдуу эмгек рыногунун талаптарына жооп бере турган адистерди даярдоого багытталышы абзел. Билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы байланыш күчөтүлүп, кесиптик мектептердин, колледждердин жана техникалык билим берүү мекемелеринин ролу кайрадан каралышы керек. Жаңы жумуш орундарын түзүүнүн өзү эле жетиштүү эмес. Эгер ал орундарга сапаттуу кадрлар болбосо, анда иш берүүчүлөр чет элдик жумушчу күчүнө кайрылууга мажбур болот же өндүрүштүн сапаты төмөндөйт. Бул учурда “сандан сапатка” өтүү принциби өзгөчө мааниге ээ. Жөн гана жумушчу орундардын санын көбөйтпөстөн, аларды компетенттүү, өз ишине жоопкерчиликтүү жана заманбап талаптарга жооп берген кадрлар менен камсыздоо — негизги максат болушу керек. Мунун алкагында орто билимдүү жумушчулардын улуттук корпусун түзүү — учурдун талабы. Бул корпус курулуш, айыл чарба, тейлөө, өнөр жай сыяктуу тармактардагы квалификациялуу орто звено кадрлар менен өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзө алат. Мамлекеттик деңгээлде бул процессти колдоо үчүн атайын стимулдар, стипендиялар, региондук программалар жана өндүрүш менен интеграцияланган окуу моделдери зарыл.
Ар бир жетишкендик –жаш муундун жаркын клечеги
— Өлкөбүз акыркы жылдары терең өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун жана туруктуулукка багытталган өнүгүүнүн жаңы доорун баштан кечирүүдө. Экономикалык, саясий жана социалдык тармактардагы оң жылыштар — бул мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугунун, эл менен бийликтин ортосундагы ишенимдин жана максаттуу иш-аракеттердин түздөн-түз жыйынтыгы. Мындай динамиканы сактап калуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн негизги факторлор болуп:
– системалуу реформалар,
– адамдык капиталды өнүктүрүү,
– улуттук кызыкчылыктарга негизделген стратегиялык көз караш саналат.
Тарых көрсөткөндөй, ар бир ийгилик биригип иш кылган элдин жана чечкиндүү лидерликтин жыйынтыгы. Ошондуктан бүгүн “жабыла көтөргөн жүк жеңил” деген принципке таянып, ар бир жарандын мамлекетти бекемдөөдө жана өнүктүрүүдө өз салымын кошуусу — учурдагы эң маанилүү улуттук милдеттердин бири. Кыргызстандын ар бир жетишкендиги — бул келечек муундарыбыз үчүн түзүлүп жаткан жаркын келечек. Ошондуктан азыркы учур “мамлекет – бул биз өзүбүз” деген түшүнүктү коомдук аң-сезимге бекем сиңирип, “мамлекеттин ийгилиги — ар бир жарандын ийгилиги” деген ураан алдында биримдик менен аракеттенүүнүн мезгили.
Калыгул Бейшекеев

