Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бакыт Төрөбаевди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Белгилей кетсек, буга чейин Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Жыйынтыгында депутаттар Бакыт Төрөбаевди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдук берди.