"Эркин-Тоо"

Бакыт Төрөбаев Британиянын Экспорттук-кредиттик агенттигинин жетекчилиги менен өлкөнүн бизнес чөйрөсүн 2,27 млрд. доллар менен каржылоо маселесин сүйлөштү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуу Британиянын Экспорттук-кредиттик агенттигинин Түркия, Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча Аймактык башчысы Шебне Алп менен жолукту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы бизнес чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана колдоо багытында Британиянын Экспорттук-кредиттик агенттиги тарабынан берилүүчү 2,27 млрд. доллар суммасындагы каржылоо маселесин талкуулашты.

Анда Бакыт Төрөбаев Мамлекет башчысы тарабынан агроөнөр жай комплексин модернизациялоо, инфраструктураны өнүктүрүү, экспорт жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жаатындагы так артыкчылыктар белгиленгенин айтты.

Бул милдеттердин алкагында Министрлер Кабинети өлкө ичинде кошумча наркты түзүүгө, экологиялык жактан таза жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө, ирригациялык системаларды модернизациялоого, экономиканын чийки заттан кайра иштетүү моделине өтүү иштери жасалып жатканын билдирди.

Мындан тышкары тоо-кен, курулуш, инфраструктура тармактарында өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын бардык багыттары боюнча мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө эки тараптын тең кызыкдар экенин ырасташты.