Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү менен бирге Чүй облусунун Аламүдүн районундагы сугат суу каналдарынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.
Бакыт Төрөбаев кийинки жылы агын суу маселеси болбошу үчүн, үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинен тартып иштер кызуу башталаарын билдирди.
Ага ылайык Чүй облусунун аймагына жаңы суу кампалар курулат жана суткалык жөнгө салуу бассейндерин (БСР) жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин (БДР) калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
Бакыт Төрөбаев бул багытта Министрлер Кабинети жакын арада каражат бөлөөрүн кошумчалады. Анын негизинде Чүй облусунун аймагындагы бир катар дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат.