Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда картошканын баасын ортомчулар көтөрүп жибергенин билдирди. Бул тууралуу ал 4-февралда “Биринчи радионун” эфиринде айтты.
Анын сөзүнө караганда, Нарын, Ысык-Көл облустарында, Кемин жана Чоң-Алай райондорунда Кыргызстандагы муктаждыкты жаба турган картошканын көлөмү бар.
Бакыт Төрөбаев ортомчуларды дыйкандардан картошканы сатып алгандан кийин ага беш сомдон ашык кошпоого чакырып, эгер баа негизсиз көтөрүлүп кетсе Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы чара көрөрүн билдирди.
“Дыйкандар картошкасын 35-40 сомдон сатып жатышат. Алар бул баага ыраазы. Бирок ортомчулар базарларда бааны көтөрүп салышты. Ошто картошканын дүң баасы 60 сомго чыгып кеткен экен, биз иш алып баргандан кийин 49 сомго түштү. Ортомчулар ашыкча кошуп жибербеш керек”, — деди ал.