"Эркин-Тоо"

Бакыт Төрөбаев: Кыргыз-кытай өнөктөштүгү өзүнүн тарыхый бийиктигине жетти

КР МКнын Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын делегациясы менен жолугушту.

Жолугушууда экономикалык, маданий, айыл чарба, археологиялык изилдөөлөр тармактарын кошо, дагы башка багыттарда өз ара кызматташууну кеңейтүү талкууланды.

Бакыт Төрөбаев акыркы жылдары кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгү өзүнүн тарыхый бийиктигине жеткенин белгиледи.

2024-жылы биргелешкен аракеттер менен «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу, үчүнчү «бедел» көзөмөл — өткөрмө пунктун ачуу, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү сыяктуу ири долбоорлорго старт берилди.

КЭРдин Шэньси провинциясынын партиялык комитетинин катчысынын орун басары Син Шанпин жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеп, айыл чарба, энергетика жана транспорттук-логистикалык долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Пример HTML-страницы