"Эркин-Тоо"

Бакыт Төрөбаев күзгү талаа иштери боюнча жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Бакыт Төрөбаев үстүбүздөгү жылы айыл чарбасын өнүктүрүүгө 26 миллиард сом, анын ичинде кластердик каржылоого 10 млрд сом, 6 пайыздык жеңилдетилген насыяларды берүүгө, ирригацияга 1,7 млрд сом, сапаттуу үрөн сатып алууга 1,5 млрд сом бөлүнгөн, жер семирткичтерди сатып алууга 1 млрд сом, айыл чарба техникаларын лизингге берүүгө кошумча 271 млн сом бөлүнгөнүн белгиледи.

“Учурда эгиндерди жыйноо иштери аяктады. Түшүм жакшы болду деген ишеничтебиз.   Оперативдүү маалыматтар боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 27,7 центнерди (өткөн жылы гектарына 14,7 центнерден) түзүп, былтыркыга салыштырмалуу түшүмдүүлүк эки эсеге өскөн. Республика боюнча 233,7 миң гектарда буудай (99,8%) жыйылды”, — деди ал.

Жыйындын жыйынтыгында Айыл чарба министрлигине кант кызылчасы, пахта өңдүү айыл чарба өнүмдөрүн жыйноого өзгөчө көңүл буруу, күздүк эгиндерди себүү боюнча иштерди өз убагында жүргүзүү, райондордо машине-трактор станцияларын жана айыл чарба унааларын оңдоочу устаканаларды ачуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Ведомствого Министрлер Кабинетинин тарифтик ченемди 2016-жылдын деңгээлинде белгилөө менен кант кызылчасынын түшүмүн темир жол транспорту менен ташуу тууралуу токтомунун аткарылышын камсыз кылуу тапшырылды.

Ошондой эле, жыйын жүрүшүндө  Бишкек шаарында “Алтын күз” айыл чарба жарманкесин жана “АгроТехЭкспо – 2022” агроөнөр жай комплексинин республикалык көргөзмөсүн уюштуруу жана өткөрүү маселелери талкууланды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!