"Эркин-Тоо"
Улуттун символу Эркин Тоо гезити

Бакыт Төрөбаев, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри: “Быйыл 200дөн ашык кыргыз жылкысы экспорттолду”

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 33 жылдан кийин алгачкы ирет улуттук “Мурас” ат чабыш турнирин 26-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында уюштурду.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Ал “Ат – адамдын канаты” демекчи, кыргыз эли күлүк аттарды, жорголорду аздектеп багып, таптап келген. Бул ыйык өнөр – муундан-муунга өтүп келе жатат. Бүгүнкү саяпкерлер, Толубай сынчыдай, азыркы заманбап ыкмаларды колдонуп, мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп келишет. Ат оюндары — бул кыргыз элинин тарыхы, рухубуздун жана улуттун өзгөчө символу. Мындан улам, жылкы чарбасын жандандыруу максатында № 54-мамлекеттик асыл-тукум жылкы заводун Министрлик өзүнүн карамагына алып, асыл тукум миңги, орус таскак, “Кыргыз” жана “Жаңы-кыргыз” жылкыларын өстүрүүнү колго алды. Анткени, кыргыз жылкыларына Европа, Азия, Монголия, Япония жана Араб өлкөлөрүндө чоң кызыгуу жаралып, быйыл 200дөн ашык кыргыз жылкысы экспорттолду. Бул биз үчүн жылкы чарбасындагы жетишкендик жана чоң сыймык. Демек, кыргыз жылкысынын келечеги алдыда. Андыктан, Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен кыргыз жылкысынын келечегин мамлекеттик колдоого алып, ар тараптан өнүктүрүүгө бардык күчүбүздү жумшайбыз! Мамлекеттик колдоо жана комплекстүү мамиле аркылуу, Борбор Азияда ат спорту боюнча лидер болобуз” деген оюн билдирди.

Турнирде алгач, 2 жашар англис тукумундагы жылкылар 1600 метр аралыкка чабылып, 1-орун Казакстан 80 миң сом жана кубок, 2-орун Россия 40 миң сом, 3-орун Кыргызстан 20 миң сом байге менен сыйланышты.

Ал эми Спринт 2000 метр аралыкка жорго чабышта 1-орун Нарын облусу 80 000 сом жана кубок, 2-орун Чолпон-Ата шаары 50 000 сом, 3-орун Чолпон-Ата шаары 20 000 сомго арзышты.

Кыргыз Республикасында туулган таза кандуу Англис тукумундагы жылкы чабышта, 1600 метр аралыкка чуркаган жылкылардан 1-орундагы Нарын облусунун Хадия аргымагы 80 000 сом жана кубок, 2-орун Талас облусу Измир аттуу аргымак 40 миң сом, 3-орун Чолпон-Ата Фиялка аргымагы 20 миң сомду багындырышты. Белгилей кетсек, бул масштабдуу иш-чара Манас эпосунун духун, Ак-Кула жана Тайтору сыяктуу уламыштуу образдарды, элдин тарыхын, жоокердик күчүн менен туруктуулукту чагылдырды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурган “Мурас” ат чабыш турнири концерттик программа менен да коштолуп, жогорку деңгээлде өттү.

Шахноза ЖУЗУП кызы