Кереметтүү Ысык-Көлдүн босогосунда жайгашкан Балыкчы шаары – көлгө келген ар бир мейман сөзсүз баш багуучу калаа. Андыктан Балыкчыдагы өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр, шаардын инфраструктурасындагы жаңылануулар сырттан келгендер, жергиликтүү тургундар үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Акыркы жылдары бул шаарда инфраструктуралык абал бир топ жакшырууда. Айрыкча, көл жээгинде жаңылануунун жаңы барагын ачкан “Green City” заманбап шаарчасы элдин купулуна толуп, эс алуучулар үчүн ыңгайлуу жайлардын бирине айланып барат.
Ар түрдүү кызматтарды заман талабына ылайыкташтырып сунуштаган бул жай, ар бир мейманга сапаттуу тейлөө, өзгөчө атмосфера тартууласак деп турат. Бүгүнкү күндө “Green City”эс алуу аймагы шаар үчүн гана эмес, Ысык-Көл облусу боюнча үлгү болчу туристтик борборлордун катарына кошулууда. Биз компаниянын жетекчиси, ишкер Бакыт Усупов менен жолугуп, компаниянын ишмердүүлүгү, келечек пландары жана эс алуучулар үчүн сунушталып жаткан кызматтар тууралуу маектештик.
— Бакыт Саламатович, сиздердин компания курулуш тармагында иш жүргүзүп келет экенсиздер. Ал эми “Green City” шаарчасын Балыкчы шаарына куруудагы максатыңыздар боюнча айтып кетсеңиз.
— Балыкчы шаарында “Green City” шаарчасын куруп, ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп жатканыбызга эки жылдын жүзү болуп калды. Башкы максатыбыз – Кыргызстандын туризм тармагына жаңылык киргизүү, аны заманбап деңгээлге чыгаруу. Балыкчы шаары – Ысык-Көлдүн дарбазасы. Биздин оюбузча, туризмди өзгөртө турган жаңы демилгелер дал ушул жерден башталышы керек. Анткени командадагы жигиттердин 80 пайызы Балыкчы шаарынан чыккан жаштар. Демек, биз үчүн бул жер жөн гана ишмердүүлүк талаасы эмес, өз үйүбүздөй кымбат шаар.

Биздин команда Балыкчыны туризмдин кире бериш борбору катары өнүктүргүбүз келет. Бүгүнкү күндө шаардын калкы болжол менен 60 миң. Салыштыра кетсек, Чолпон-Атада 15 миң, Караколдо 80 миңге жакын адам жашайт. Калктын санына жараша биз туризмди жайкы гана эмес, күзгү, жазгы жана кышкы мезгилдерде да өнүктүрүүнү көздөп жатабыз. Балыкчыга келип кеткен элдин агымы 25-майдан эле үзгүлтүксүз болуп баштайт. Шаар тургундарынын туугандары мурда Чолпон-Атага барып эс алууну туура көрүшчү. Азыр болсо дал ошол туугандар кайра эле Балыкчыга келе башташты. Биз баштапкы планда эле негизги туристтер – жергиликтүү калкыбыз, аларга келип-кеткен коноктор болот деп эсептеген элек.
Мындан сырткары, Балыкчынын Бишкекке жакындыгы да чоң мүмкүнчүлүк жаратат. Мисалы, борбордон чыгып, тоого эс алууга барууну каалагандар жол тыгындарынан улам 2 сааттан ашык убакыт коротот. Көлгө келгендер да дал ушундай эле убакытта Балыкчыга жетет. Ушундай ыңгайлуу шарттар Балыкчыны туризмдин негизги борборлорунун бирине айлантууга чоң өбөлгө болууда.
-“Green City” шаарчаңыздарда эмнелерди куруп жатасыздар? Кандай кызмат көрсөтүүлөр бар?
— Балыкчы шаары мурда негизинен айдоочулардын, порт кызматкерлеринин шаары катары белгилүү болчу. Шаардын аймагы жер иштетүүгө ыңгайсыз болгондуктан, көпчүлүк тургундар соода-сатык менен алектенет. Ошондуктан биз “Балыкчыда туризм өнүксө болбойбу?” деген суроого жооп издеп, “Бул жер дайыма шамал болуп турат” деген түшүнүктү да жоюш керек болду. Биз буга чейин курулуп келген кадимки пляжды эле куруп койсок, “Балыкчыда дагы бир пансионат ачылыптыр” деген эле сөз чыкмак.
Биринчи жылы 300 метр, экинчи жылы дагы 300 метр пирс куруп, кошумча 100 метрлик зонаны кошуп, көл үстүндө жалпы узундугу 1 чакырымга жакын эс алуу аянтчасы пайда болду. Андан сырткары, толкундарды бөгөй турган толкунду токтотуучу дамбаларды курдук. Эмне үчүн? Анткени пляжга төгүлгөн кумду толкун жууп кетпеши керек. Дамбалар суунун агымын жумшартып, сууну таза кармайт жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзөт.
Көл жээгиндеги пляжда 3,5 чакырымды түзгөн веложол курулууда. Келечекте бул веложол 5 чакырымга чейин узарат. Ага улай эле спортту сүйүүчүлөр үчүн аянтчалар курулуп, бардык шарттар түзүлүүдө.
Мындан тышкары, биз Тоңго 2 гектар аянтка яхт-клуб куруп, бул багытта Балыкчынын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланууга аракет кылуудабыз. Темир жол станциясы да чоң артыкчылык берип, Бишкек шаарынан поезд менен чыккан турист түз эле биздин шаарчанын пляжына чейин келет.
Яхт-клубга өзгөчө көңүл буруп жатканыбыздын себеби, көлдүн эки четин бириктирген эң кыска чакырым Балыкчыда. Башка жээктерден көлдүн аркы өйүзүнө өтүү 4 саатка созулса, Балыкчыдан 15-20 чакырым эле жол. Азыр Тоң районунун Кара-Талаа айылынан да тургундар келип, “Бизге да пляж куруп бергиле” деп жер бөлүп беришти. Биз ал жакта да инфраструктура түзүп, яхт-клуб куруу пландарыбыз бар. Мисалы, азыр кечки 18:30да Балыкчыдан Бишкекке поезд кетет. Биздин шаарчадан чыккан туристтер ошол поездге да жетишишет. Эртең менен келген турист биздин шаарчаны кыдырып чыккандан кийин 40 мүнөттө Тоңго барып, кайра кечинде поезд менен Бишкекке кетип калса болот. Жакын арада туристтер үчүн атайын жолдомолорду сунуштайлы деп жатабыз. Биздин жолдомону алган турист “Green City” шаарчасына келип, андан ары Тоңго барып, тоого чыгып, эс алып кетет. Туристтер үчүн ал жакта атайын капсулаларды коюп жатабыз.
Бирок, учурда эң негизги көйгөй – сервис. Эмнеге бизде тейлөө начар? Себеби, автобустан түшкөн туристти мурда 200 сомго ташыган таксист сезон убагында 1000 сом сурап жатып калат. Келген турист пансионатка жеткенче эле бир нече тоскоолдукка дуушар болууда. Ошондуктан, бул багытта туристтик кызмат көрсөтүүчү кызматкерлерди окуткан атайын окуу борборун Балыкчы шаарында ачуу ниетибиз бар. Бизден сертификат алган ар бир адис сапаттуу кызмат көрсөтө турган деңгээлге жетет. Компаниянын башкы максаты – жол, темир жол, инфратүзүм, пляж жана көл үстүндөгү туризмди өнүктүрүү. Балыкчынын жээги 6,5 кмди түзөт. Бул аянтка 60 миң адамды сыйдыра алабыз. Мунун баары – чоң потенциал.
— Сиздер куруп жаткан шаарча кыш мезгилинде да туристтерге ыңгайлуу болобу?
— Биздин максат — Балыкчыдагы шаарчабыз жылдын төрт мезгилинде тең иштеп турса деген үмүт. Ошондуктан кышкы туризмге да көңүл буруудабыз. ТУ-154 үлгүсүндөгү самолетту алып келип, анын ичине өзгөчө тамактануучу жайды куруп жатабыз. Бул жай туристтер үчүн эсте кала турган, уникалдуу болот. Мындан тышкары, шаарчада 10 чоң тамактануучу жай жайгашат. Алар жайы-кышы дебей иштеп, эс алуучуларга үзгүлтүксүз кызмат көрсөтө тургандай уюштурулууда. Ошондой эле 5-6 яхта кышкысын да иштеп, кышкы көлдү көрүүчүлөргө сапарларды уюштурат. Азыркы тапта бизге айрым ишкерлер келип, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларына да яхта каттамын уюштуруу боюнча кызыгып жатышат.
Жакында эле биздин балдар Бостеридеги “Алтын Кум” пансионаты жайгашкан пляжды да реконструкциядан өткөрдүк. Ал жак боюнча да эс алуучулардан жылуу пикирлерди угуудабыз. Албетте, бул иштер биздин компаниянын туризмди бардык аймактарда, жылдын бардык маалында өнүктүрүүгө болгон умтулуусун көрсөтүп турат.
— Көл жээгинде тамактануучу жайларды куруп жатыпсыздар. Бул жерде техникалык, санитардык коопсуздук кандай каралып жатат?
— Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) менен Балыкчы шаарынын мэриясынын ортосунда борбордук канализацияны тартуу жана насостук станцияны шаарча турган аймакка чейин тартуу келишими бар. Бардык керектүү документтер жана тендердик иштер аягына чыгып калыптыр. Бирок мэрия быйыл ишти баштоого үлгүрбөй калды окшойт. Жакынкы жылы бул маселе толугу менен чечилип, биздин шаарчага чейин борбордук канализация тартылып, керектүү жабдыктар орнотулат. Азырынча убактылуу чечимдерди колдонуудабыз. Тамактануучу жайлар үчүн атайын төмөнкү деңгээлде канализациялык станция курганбыз. Анын жардамы менен борбордук канализацияга кошулдук. Ал эми айрым жетпеген жерлерге кичинекей тазалоочу бачокторду орноттук. Бул жерлерден атайын техникалар келип, суу таштандысын сордуруп кетип турушат.
Шаарчада инфратүзүм жагы жакшы жолго коюлган. Көл жээгине чейин борбордук суу түтүгү жана канализация тартып келинген. Бул системалардын баары СССР убагында курулгандыктан, сапаты жакшы. Тазалоочу жабдыктар толугу менен иштейт, сасык жыт чыкпайт жана көлгө агып кетпейт.
Башында биз күнүнө болжол менен 3 миңдей турист келет деп эсептегенбиз. Бирок азыр туристтердин саны 4-5 эсе көбөйүп, иш күндөрү эле 10 миңге жакын адам келип кетүүдө. Дем алыштарда мындан да көп. Биз курган даараткана жана башка тейлөө пункттары азырынча жетишсиз болуп жатат. Бул да болсо Балыкчы шаарынын борборго жакындыгы, жаңыча долбоорлор элди тартып жатканынан кабар берет деп ойлойбуз.
— Көлдүн үстүнө курулган пирстер коопсузбу? Ушунча келип кеткен элдин агымын көтөрө алабы деген тынчсыздануулар болуп жатат…
— Мындай суроолор түшүнүктүү. Бирок, Балыкчы тараптагы көл абдан тайыз. Ачык аймактарда көлдүн тереңдиги болгону 10 метр, ал жерлердин үстүндө 3 метрлик пирстер жайгаштырылган. Эгер биз пирстерди бөлүп, айрым жерлерине «киши түшө турган жер» деп койсок, ошол жерлерге чоң күч келип калышы мүмкүн. Атайын эсептөөлөр боюнча, биздин пирстер ар бир чарчы метри 600 килограммга чейин салмак көтөрө алат. Аларды курууда туурасы 7-8 см болгон темир устундар пайдаланылган. Жалпысынан жерге 200-300 тоннадай темир орнотулуп, конструкциялар катуу бекемделген. Биздин курулган аянтчалар техникалык коопсуздук талаптарына жооп берет жана эс алуучулар үчүн ишенимдүү.
— Сиздердин шаарча курулгандан бери Балыкчыга келген туристтер көбөйдү. Мындан улам шаарда мейманкана жана инфраструктура маселелери жаралган жокпу?
— Туура айтасыз. Балыкчы шаары азырынча туризмге толук даяр эмес. Мисалы, бул жактагы көпчүлүк жеке турак жайлар буга чейин “мейман тосуп, 1000 сомдон жатак берейин, тамагын жасап берейин” деген кызматтарды сунуштап көрүшкөн эмес. Азыр шаарда 6-7 мейманкана болсо, алардын баары толуп, бош орун дээрлик жокко эсе.
Мындай чоң туристтик агымды көргөндөн кийин, шаарчанын тегерегиндеги жеке үй ээлери да өз турак жайларын оңдоп-түзөп, конок тосууга ыңгайлаштырып жатышат. Биз бир эле компания катары бардык туристтерге кызмат көрсөтө албайбыз. Ошондуктан жергиликтүү тургундарды да бул ишке тартып, үйлөрүн мейманканага айлантып, жакшы шарт түзүп, конокторго кызмат көрсөтүү жагынан бизге көмөк көрсөтүшсө дейбиз.
— Көл жээгине грек кудайларынын айкелдери коюлгандан кийин “Эмнеге кыргыз элинин баалуулуктары көрсөтүлбөйт?” деген сын-пикирлер айтылды. Бул боюнча эмне дейсиз?
— Бул суроону биз да угуп жатабыз. Бирок ошол грек кудайларынын айкелдерин “буларга барып сыйынышсын” деген максат менен койгон жокпуз. Биздин максатыбыз – пирсти кооздоо, туристтерди тартуу. Пирстер грек стилинде жасалгандыктан, ошол образга жараша эле айкелдер орнотулду.
Учурда бизде жалпы 8 пирс болот. Алардын ар бири өзүнчө темада курулат. Бирөөсү грек стилинде болсо, дагы бирөөсү 600 метрлик жүрөк формасындагы сейилдөөчү пирс. Дамбалардын баштарына вертолет конуучу аянтчалар орнотулат. Албетте, кыргыз элинин маданияты, баалуулуктары ыйык. Алар өзүнчө, өз орду менен көрсөтүлүшү керек деп эсептейм. Бул жер көл жээги болгондуктан суу менен байланышкан мифтик образдарды, суу темасына ылайыктуу көркөм элементтерди коюу логикалуу болот.
Элибиз бизди туура түшүнүп, жаңы идеяларды колдоп турса деген тилегибиз чоң. Айрым учурда тилекке каршы, “ишти токтотобуз” дегендер да чыгып жатат. Биз 5-6 адамдын пикирине жараша багытыбызды өзгөртпөй, Балыкчы шаарынын 60 миңге жакын тургунунун кызыкчылыгын эске алуу менен Кыргызстандагы туризмдин сапатын көтөрүү багытында иштей беребиз.
Бүгүнкү күндө көпчүлүк эс алуу жайларында санитардык талаптар сакталбайт, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, балалуу энелер үчүн шарттар каралбайт. Биз дал ушул маселелерди чечип, баарына ыңгайлуу шарт түзүүнү көздөп жатабыз. Эс алуу деген – жөн гана көлгө барып, зонтиктин астында жатуу эмес. Ал – маданият, коопсуздук, тазалык жана ар тараптуу тейлөө.
— Алдыда шаарчанын эс алуучулары үчүн дагы кандай жаңылыктар күтүлүүдө?
— Биздин экинчи ири долбоор – пирстин баш жагына чоң бассейн куруу. Мындан тышкары, пирстерге денени ысытуучу атайын капсулаларды орнотуу пландалууда. Азыркы учурда мыйзам боюнча денени ысытып алып, андан соң көлгө түшүүгө уруксат берилет. Учурда биз кардарларга раковина же душсуз эле денени ысытып берүү кызматын сунуштап жатабыз.
Бул капсулалардын астына 1 тонна суюктукту кармай турган резервуар коюлат. Ал булганган сууну жыйнап, атайын техника аркылуу жээкке чыгарып берет. Мындайча айтканда, экологияны коргоо боюнча бардык талаптар сакталат.
Ошондой эле, Балыкчыдан Караколго көмүр ташып жүргөн 2000 тонна жүк көтөрө алган баржалардын бирин биздин компания сатып алды. Эми ошол баржанын үстүнө бассейн жана тамактануучу жай куруп, көлдүн ортосунда эс алуу борбору катары иштетүүнү пландап жатабыз. Туристтер ошол жерге барып, андан ары Тоң тарапка сапар уланта алышат. Башка курорттук жайлар дагы биздин баржа аркылуу эс алуучуларды кабыл ала алышат. Бул баржанын узундугу 40 метр, туурасы 120 метрге чейин жетет.
Мындан тышкары, “Венеция” аттуу кызыктуу долбоорубуз бар. Бул — узундугу 3 чакырым келген канал. Анын 1,5 чакырымы балык багылган жер болуп, үстүнөн басып, карап турууга ыңгайлуу жол салынып жатат. Канал веложол менен катарлаш курулуп, адамдар велосипед тээп баратып эле 50 метрден кийин гандола, кайыкка түшүп, канал ичинде сейилдөөгө шарт түзүлөт. Канал 1 гектар көлмөгө чейин жетип барып, кайра кайтып келет. Натыйжада, эки жээктин кошулган жери өзгөчө атмосфера жаратат.
Ошондой эле, хаус-бат деп аталган суудагы үйлөрдү алып келүүдөбүз. Азыр мындай үйдөн бирөө көл үстүнө коюлган. Мунун жалпы аянты 110 чарчы метр. Бул жакта жашоого толук мүмкүнчүлүк болуп, ашкана, уктоочу, жуунуучу бөлмө, даараткана, сауна менен жабдылган. Үстүндө ар кандай иш-чара өткөрүүгө болот.
— Бул долбоорлоруңуздар ишке кирсе, Балыкчы шаарына келген туристтердин агымы дагы көбөйөт экен. Коопсуздук маселеси кандай каралып жатат?
— Азыр бизде 20дан ашык куткаруучу бар, ошондой эле 40тай кароолчу иштейт. Пляжда эле 10дон ашык кароолчу турат. Мындан тышкары, курулуш иштеринде 100дөй адам эмгектенип жатат. Бардык чыгымдарды өзүбүз жабуудабыз. Албетте, туризм өнүккөн сайын ар ким өз эрежесин киргизип, жөнгө салгысы келет экен. Бирок биз шаарчабызды соода борборуна же базарга айлантпай, туризмди туура багытта өнүктүрүүгө аракет кылабыз.
— Жергиликтүү бийлик тарабынан сиздердин суроо-талаптарга колдоо көрсөтүлүп жатабы?
— Биз Кытай жана Россиядан инвесторлорду чакырып 3 млн долларга аттракциондук горка курууну пландаган элек. Бирок мыйзам боюнча муниципалдык жер инвесторго 5 жылга ижарага берилгендиктен, инвесторлор 15 жылга ижарага сурашты. Тилекке каршы, ижара мөөнөтү мыйзам боюнча 15 жылдык мөөнөткө туура келбегендиктен алар баш тартышты. Азырынча биз жерди мыйзам боюнча 5 жылга ижарага алып, иштеп жатабыз. Албетте, 5 жылдык убакытта шаардын өнүгүүсүнө жумшалып жаткан инвестицияны кайтарып алуу мүмкүн эмес. Биздин команда кандайдыр бир пайда табуу максатында эмес, ушу кичинекей шаарыбызда туризм тармагы өнүгүп, биздин жасаган иштер кийинки муунга үлгү катары калса дейбиз.
— Бакыт Саламатович, өзүңүз тууралуу да айта кетсеңиз?
— Мен Балыкчы шаарында төрөлүп, ушул жерде чоңойдум. Мектепти аяктаган соң бул жактагы индустриалдык техникумду бүтүрүп, кийин Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы окуу жайда билим алдым. Мектепте теннис, волейбол, баскетболду жакшы ойногондуктан, студент кезимде эле физкультура сабагынан мугалим болуп иштей баштадым. 21 жашымда мектепте физкультура сабагын өтүп, 25 жашымда жайкысын пансионаттарда пляждарды тазалап иштеп жүрдүм.
Жайкысын эс алуу жайларында иштегеним туризм тармагына болгон кызыгууну пайда кылды. Кийин Чок-Тал айылында “Париж” пансионатын куруп, тажрыйба топтодум. Бүгүнкү күндө эс алуу жайларын куруп, мекенибизде төрт мезгилдик туризмди өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатам.
Балыкчыдагы пляждарды оңдоо – кичине кезимдеги кыялым болгон. Ата-энем менен шаардын өйдө жагында жашагандыктан пляжга барып-келүү кыйын эле. Ошондо мен “Эмнеге бул пляждын жанында элдер жашоого ылайыктуу шарттар жок?” деп көп ойлончумун. Эми ошол кыялдарымды ишке ашырып, шаарыбыздын пляжына көрк берүү менен алектенүүдөмүн.
Кенже Осмоналиева

