"Эркин-Тоо"

Бакытбек ОРУНБЕКОВ: “Башка кесиптерге караганда журналистика өзгөчө кесип”

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, журналист Бакытбек ОРУНБЕКОВ

— “СОВЕТТИК КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫ күбөлөрдүн сөзү менен” аттуу эмгегиңизди жаратууга кандай зарылчылыктар себеп болду?

— Журналисттер, биз, башка тармактарды, адамдарды, окуяларды жазып, алардын тарыхын кагазга, радиого, телевидениеге калтырып келе жатабыз. Көп тарыхтын күбөлөрү болуп да жүрөбүз. Бирок, кыргыз журналистикасынын өзүнүн тарыхы толук кандуу жазыла элек десем болот. Бизде советтик журналистика деген түшүнүк бар. Ал доордо жашаган журналисттер болду, биз да жашадык. Эмне үчүн ушул доор замандын маанилүү этабы болуп калды деген суроо пайда болот. Албетте, бул эмгекти түзүүдө башка өлкөлөрдүн тажырыйбасын да колдондук. Алар тарыхтын күбөлөрүнүн, тарыхты жасаган адамдардын сөзү менен бай мурастарды калтырууда. Бизде да ошондой мүмкүнчүлүк турганда, эмнеге ошол замандын маанилүү этабын китеп кылып чыгарбайбыз, деген суроолор пайда болду. Анткени, советтик журналистикада жашап-иштеген адамдар бүгүн биздин замандаштарыбыз. 2019-жылы ушул идея жаралып, “Манас” университетинде окуткан студенттерим менен бул долбоорду баштаганбыз. Биз 22 пункттан турган суроолорду түздүк. Суроолорду логикалык жактан иреттеп, ошол замандын портретин ачып бергенге аракет жасадык. Кырк эки журналистке 22 суроо бердик. Жоопторду алганда ошол учурдагы журналистиканын тарыхы, тагдыры биздин көз алдыбызга тартылды. Анткени, ал 42 журналист – 42 редакцияда, 42 райондо, 42 облуста, 42 аймакта, 42 тагдырда жашаган адамдар. Жыйынтыгында суроолору бирдей, жооптору түрдүү болду. Биз билбеген тарыхтар, биздин оюбузга келбеген окуялар жөнүндө кеп болду. Китептин уникалдуулугу мына ушунда деп айтар элем. Ооз эки тарых деген тарыхтын бир тармагы бар, тарыхка күбө болгон адамдардын кеби, жазып бергени менен кагазга түшкөн нерсени ооз эки тарых дейбиз. Бул эмгектеги негизги мазмун ооз эки кепке жакын. Биз ооз эки сүйлөшүү мазмунун сактаганга аракет кылдык. Анткени, окурмандардын окуганына, кабыл алуусуна жеңил болушун да көздөдүк.

— Бул эмгек азыркы кыргыз журналисттеринин кесипкөйлүк өнүгүүсүнө кандай салым кошо алат деген ойдосуз?

— Эмгекти окугандан кийин кесипкөй журналист болом деген адам көп кеңештерди, тажырыйбаларды алат деген ойдомун. Советтик журналистикада коом алдындагы жоопкерчилик өтө жогору тургандыгы байкалат. Коомдук жоопкерчилик деген эмне? Советтик доордогу журналист алган маалыматына, андагы айтылган фактыларга, документтерге, аргументтерге аябай тыкыр мамиле жасап, сөз менен иштөө жоопкерчилиги өтө жогору болгон. Бул факторлор кесипкөй журналистке өтө зарыл, маанилүү маселе.

— Азыркы кыргыз журналистикасына кандай баа бересиз жана профессионалдуу калемгер болуу үчүн аларга кандай изденүүлөрдү сунуш кылар элеңиз?

— Бүгүнкү кыргыз журналистикасына негизинен жакшы баа берем. Аракетчилдик, кесипкөйлүктүн белгилери, жаңы замандын талаптарын өздөштүрүүгө умтулуучулук бар. Ошол эле учурда айрым журналисттерде кесипкөйлүк, изденүүчүлүк жетишпей турганы да байкалат. Башка кесиптерге караганда журналистика өзгөчө кесип. Журналисттин ар бир айтканы, жазганы, көрсөткөнү, пайдаланган сөзү, фактылары коомдун энчисине айланып кетет. Ошондуктан сүйлөп, жазып жатканда так, даана, ачык, түшүнүктүү болуш керек. Маалыматты жазып, изилдеп жатканда тең салмактуулукту сактап, калыс мамиле жасаш керек. Тилекке каршы айрым журналисттик топтор кайсы бир саясий күчкө, саясий топтордогу адамга кызмат кылып кетип жаткан жагдайлар бар. Калыстыктан, акыйкаттуулуктан тайбаш керек. Мына ошондо кесипкөй журналист боло алабыз.

Афина БАКИРОВА
№4 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 20-январы

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!