Көл кылаасында лизингге техника алып, анын үзүрүн көрүп жаткандардын катарына Бостери айыл өкмөтү да кирет. Айылдагы “Тазалык” ишканасынын жетекчиси Бакытбек Шаменов лизингге техника алуунун ыңгайлуулуктары жөнүндө айтып берди.
— Бакытбек мырза, айыл өкмөтүнө лизингге техника алган экенсиздер. Эмне техникаларды алдыңыздар?
— 2022-жылы NOVA үлгүсүндөгү арпа, буудай чаба турган чиркегичи менен комбайн алдык. Андан тышкары беларусь тракторун соко жана башка шаймандары менен алганбыз. Ошентип өткөн жылы айылдык унаа паркын эки жаңы техника менен толуктадык. 2023-жылы кытай өндүрүшүнөн чыккан экскаватор алдык.
— Сиздердин “Тазалык” ишканасына комбайн, тракторлор да керекпи?
— Биздин ишкана айыл чарба жумуштарын да кылабыз. Экскаватордон, комбайндан тышкары автогрейдер жана башка техниканын баары бизде. Айылдыктардын кайрылуусуна жараша иштин баарын комплекстүү түрдө кыла беребиз. Ишкана карызы жок, бардык талаптарга туура келгендиктен биз аркылуу лизингге жаңы техника алууга мүмкүн болду.
— Техникалардын баасы кандай экен?
— Айыл чарба министрлигинде мамлекет тарабынан айылдыктарга жардам иретинде атайын программа менен акча бөлүнгөн экен. Биз ушул программага кирип калып, трактор менен комбайнды жеңилдетилген 7%дык үстөгү менен алдык. Быйыл болсо экскаватор “Айыл Банктан” 14% үстөгү менен лизингге алынды. Биз үчүн бул ыңгайлуу болду. Комбайн менен трактор керектүү шаймандары менен кошо алганда 12 млн сомго жакын. Ал эми экскаватордун баасы 9 млн сомдой болот.
-14% үстөк кымбат эмеспи?
— Жок, бул 16-17%га караганда жакшы эле. Анан техниканы лизингге банк аркылуу түз алган идеалдуу вариант деп ойлойм. Себеби, техниканы банктын кепилдиги менен ишенимдүү аласың. Кокус бир нерсе болсо банктан сурайбыз. Банк чоң мекеме катары кандай учур болбосун саткан фирмалардан сурап алат.
— Лизинг мөөнөтү канча жыл?
— 2022-жылы келген техникалар 7 жылга, ал эми быйыл экскаваторду 5 жылга алдык.
— Сиздер үчүн лизингге алуунун артыкчылыгы эмнеде?
— Лизингге техника алуу албетте, биз үчүн ыңгайлуу. Мисалы, бизге комбайн керек, бирок сатып алганга нак акчабыз жок. Керектүү каражат топтогонго убакыт кетет. А лизингге алсак бизге Банк сатып берет, биз аны колдонуп да, четинен акысын төлөп кутула да беребиз. Бул үчүн күрөө да талап кылынбайт. Мурдагы Союздан калган техникалар качан эле иштен чыгып жараксыз абалда. Айыл чарбасында техника жагында кыйынчылык болуп келди. Эми четинен ушинтип банктын жардамы менен техникаларыбызды жаңыртып жатабыз.
— Лизингди төлөөдө айыл өкмөттүн салымы кандай?
— Негизги салым айыл өкмөттөн. Ошондой эле облустук өнүктүрүү фонду да жардам берди.
— “Айыл Банкта” кандай экен, оңой эле алдыңыздарбы же ар кандай талаптар менен кыйнадыбы?
— Жок, тескерисинче банктын кызматкерлери бизге жакшы жардам беришти. Алгач банктын өзүбүздүн райондогу бөлүмүнө бардык. Ал жакта жетекчиси Айбек мырза, анан Султан абалар “силерге техника керек болсо албетте, жардам беребиз” дешип колунан келишинче кагаздарын берип, жумуштан кийин кеч калып да жардам берип жатты. Анан Банктын Бишкектеги башкы офисинде Лизингди башкаруу бөлүмүндө Өткүн аба, Айбек байке, Айганыш карындашыбыз документтерди даярдоого чоң жардам беришти.
— Көп документтер керек бекен?
— Анча деле көп эмес. Биринчи барганда эле Банк талап кылынчу документтердин тизмесин берген. Айрымдарын банк өзү даярдаганга жардам берди, калганын өзүбүз бат эле даярдадык. Эмне кагаз керек, кайсы жерге барыш керек ошонун баарын түшүндүрүп айтып беришти. Алар айткандарды туура жана так чогултуп берсең эле ишиң бат бүтөт. Мен “Айыл Банктын” кызматкерлерине кардарларды кичи пейил жана адамгерчиликтүү тейлөөсү, түшүнүү менен мамиле кылуусу үчүн ыраазы болдум.
— Кредитти төлөө оор болуп жаткан жокпу?
— Кудайга шүгүр, айыл өкмөтүбүздүн жардамы менен кечиктирбей төлөп жатабыз. Жеңил же оор болобу, айылыбыз үчүн керек болгондуктан алууга туура келет. Кыргызда “керектүү таштын оордугу жок” деп коёт го. Биз техника алып, аны пайдаланып айылыбыздын жашоочуларына кызмат кылып, керегине жарап жаткандан кийин анын оордугун эмес, пайдасын көрүп жатабыз. Мурда биздин бир эле комбайныбыз бар болчу. Былтыртан бери экөө болуп дыйкандарга оруп-жыйноо учурунда мурдагыдай кошуна айылдардан акыга техника сурап да жетишпей, бирөөнүн буудай же арпасы орулбай, күбүлүп калды дегенден кадимкидей кутулдук. Трактор боюнча да ошондой. Айдапсебүү учурунда кезекке тургандарга жетишпей жаман ажиотаж болчу эле. Экскаватор да бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат. Ушу күнгө чейин бизде 1 же 2 км жардын бетин кесип, жол салат деген болгон эмес. Азыр айылыбыздын жашоочусу же эс алуу үйлөрүнөн кандай кайрылуу болбосун экскаватор, грейдер менен жол-курулуш иштерин коркпой эле жасай алабыз. Кыскасы, техника жагынан абалыбыз жаман эмес. Банктан лизингге дагы техника алсак деген оюбуз бар. Бизге жүк ташуучу машина керек болуп жатат. Буюрса эмдиги жылы аны алсак деп турабыз.
“АЙЫЛ БАНКТЫН” ӨНДҮРҮШТҮ КӨТӨРҮҮГӨ САЛЫМЫ
2021-жылы “ЭлДан Аталык” агроөнөр жай комплексинин курамына кирген “Аталык жем” заводун куруу иши башталган. Заводдун курулушунун жалпы наркы 450 млн сом болсо, анын 150 млн сомун «Айыл Банк» класстердик каржылоо линиясы боюнча кредит катары берген. Кечээ, 22-июнда завод ишке кирди. Завод саатына 20 тонна аралашма жем даярдоо кубаттуулугуна ээ. Планга ылайык, завод 2023-2024-жылдары суткасына 200 тонна же жылына 60 миң тонна жем чыгара баштайт.
“Аталык Групп” ЖЧКсынын башкы директору Туратбек Укубаев мындай дейт:
“Айыл Банк” тарабынан каржыланган бул долбоор фермерлерден сатып алган дан эгиндеринин көлөмүн 60 миң тоннага чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул 1 млрд сомго фермерлерден дан сатып алуу дегендик. Банк тарабынан “Аталык Групптун” канаттуулар жана мал чарбасы боюнча класстерин каржылоонун жалпы көлөмү, анын ичинде жабдууларга лизингдик каржылоону кошкондо 300 млн сомду түзөт.
ИСЛАМ ПРИНЦИПТЕРИ БОЮНЧА КАРЖЫЛОО ШАРТЫ КОЛДОНУУГА КИРГИЗИЛДИ!
Урматтуу окурман, эгерде сиз өзүңүзгө пайдалуу шартта турмуш-тиричилик муктаждыгы үчүн кандайдыр буюм же мүлк, унаа же үй сатып алгыңыз келсе же бизнес кылам десеңиз “Айыл Банктан” сизге ыңгайлуу шартта каржылоо маселесин чечип алсаңыз болот.
Банк кардарлар үчүн төмөнкү багыттарда ислам принциптери боюнча алгылыктуу шарттарда каржылоо мүмкүнчүлүгүн берет:
— Авто каржылоо
— Бизнес каржылоо
— Ипотекалык каржылоо
— Айыл чарбасын каржылоо
— Керектөөлөрдү каржылоо
— Товарлар үчүн бөлүп төлөө Ислам принциптери боюнча каржылоонун артыкчылыгы эмнеде? Бул суроого “Айыл Банктын” кызматкери Кубанычбек Касымбек жооп берет:
— Ислам каржылоо принциптери шарият талаптарына жана эрежелерине негизделет. Ошондуктан адаттагы салттуу каржылоодо кездешпеген өзгөчөлүктөргө ээ. Бул система менен каржылоодо “Мурабаха” келишими колдонулат. Ага ылайык банк үстөк пайыз колдонбойт, келишим соодасатыктын негизинде жүрөт. Банк кардар муктаж болгон товарды сатып алып, андан соң кардар менен макулдашылган үстөк бааны кошуп кайрадан кардарга бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен сатат.
Демек, сиз каалаган товар же мүлк Банктын кепилдиги менен сатылып алынат. Анын өз нарк баасын жана банктын кызматы үчүн коюлган үстөк бааны өзүңүз менен макулдашылган шартта белгилүү мөөнөткө бөлүп төлөй аласыз.
“Айыл Банк” кардарлар ұчұн ислам принциптери боюнча каржылоодо төмөндөтұлгөн тарифтерге акция жарыялаган. Акция 2023-жылдын 31-августуна чейин улантылаарын эсиңиздерге салабыз.
Ислам принциптери боюнча каржылоону учурда Банктын Бишкектеги Аламүдүн филиалы жана Ош шаарындагы «ОшДатка» филиалы ишке ашырууда.
Аламұдұн филиалынын дареги: Бишкек шаары, 7-к/р, Б.Юнусалиев атындагы көчө, 173/1;
«Ош-Датка» филиалынын дареги: Ош шаары, Ленин атындагы көчө, 313.
Толук маалымат алуу үчүн 5511 кыска номерине же (0312) 68-00-00 номерине кайрылсаңыздар болот.
Даярдаган Бегим ТУРДАЛИЕВА
№50 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 23-июну