"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Балаңызды мектепке кечиктирбестен каттоо үчүн акыркы мөөнөт – 30-сентябрь

Бүгүн, 18-августтан 30-сентябрга чейин мектептерге кеч каттоо жүрөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, “Электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасында кайрадан “Каттоону жокко чыгаруу” функциясы иштетилди. Эми ата-энелер зарыл болгон учурда мурунку каттоону жокко чыгарып, баласын бош орун бар башка мектепке каттай алышат.

Кеч каттоо аяктаган соң (30-сентябрдан кийин) баласын каттоого жетишпей калган ата-энелер кийинки окуу жылына гана кайрыла алышат. Жүйөлүү себептерде гана билим берүүнү башкаруу органдарынын чечими менен уруксат берилет. Өз убагында мектепке каттабаган үчүн жоопкерчилик ата-энелердин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн мойнунда болот.

Эскерте кетсек, 15-августта мектепке негизги каттоо аяктаган. Катталган балдар тууралуу маалыматтар “Күндөлүк” системасына өткөрүлүп, мектеп администрациялары класстарды комплектациялоого киришкен.

Министрлик белгилегендей, бардык ата-энелер 5-сентябрдан кечиктирбестен баланын саламаттыгы жөнүндө жана эмдөөлөр боюнча медициналык маалымкаттарды түп нуска түрүндө мектепке тапшырууга милдеттүү.

Буга чейин 13-августка карата 75 миңге жакын бала эч бир мектепке катталбаганы белгилүү болгон. Жарандардын кайрылууларын жана аймактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен 13–15-августта кошумча квоталар ачуу чечими кабыл алынган.