Атайын кызмат тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында Чүй облусунун Сокулук районундагы социалдык инфраструктуралык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 1998-жылы Сокулук районунун Шопоков шаарында жайгашкан аянты 0,70 гектар, пайдалуу аянты 372,1 чарчы метр, баасы 35 миллион сомго жакын бала бакча («Ата ЛТД» ЖЧКсына таандык) жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги ачыкка чыгып, мамлекеттин балансына кайтарылды.