"Эркин-Тоо"

Бала бакчалардын саны 78ге көбөйдү

Кыргызстанда жыл башынан бери бала бакчалардын саны 78ге көбөйдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Учурда өлкө боюнча 1 912 бала бакча бар, анын ичинен 1 638 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча, ал эми 274ү жеке менчик бала бакча болуп саналат. Мында жалпы 200 миң 340 бала тарбияланууда.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу жарым жылдын ичинде бала бакчага тартылган балдардын саны 13 миңге көп. Бул бала бакчалардын 78ге көбөйгөндүгү менен шартталды. Ошентип, жыл башында 26,4% бала мектепке чейинки билим берүүгө тартылган болсо, азыр бул көрсөткүч 28,3%га жетти», — деди Кендирбаева.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!