"Эркин-Тоо"

Бала телефонго байланып калгандан кийин өсүшү нормадан артта калат…

Өлкөдө смартфон, гаджеттерге байланып калган жаш балдардын саны өсүүдө. Психологдор бул адат санариптик аутизмге алып келерин айтышып, ата-энелерге балдарды сактап калуу керектигин байма-бай эскертип келишет. Алардын айтымында, санариптик аутизмге кабылган балдар айлана-чөйрөсүндө болуп жаткан реалдуулуктан алыстап, виртуалдык жашоодо күн өткөрүп калышат. Дааналап айтканда, баланын бара-бара адамдар менен болгон алакасы солгундап, өзү менен өзү гана жүрө берген кайдыгер, тоң, түнт мүнөз күтүүсүнө жол ачат.

Психолог Аида Шерматованын айтымында, санариптик аутизм – баланын гаджетке байланып, андан көз каранды болуп калгандагы абалы. Мындай балдар адамдар менен мамиле түзүүдө кыйналат.

«Санариптик аутизм көпчүлүк балдарда бар. Себеби акыркы күндөрү мындай балдардын саны өсүп жатат. Кыргызстанда да жаңыдан калыптана баштады, он жыл мурда жок болчу. Мурда ата-энелер балдарын эшикке алып чыгып ойнотушчу. Азыр баары баланы интернет, телефон, телевизор менен алаксытышат. Учурда көптөгөн кичине балдар телефонго көз каранды болуп калышкан. Ата-энелер балдарына көбүрөөк көңүл буруп, сыртка алып чыгып, башка балдар менен аралаштырып ойнотушу керек. Мындай учурда бала баарлашканды үйрөнөт. Ал эми телефонго көз каранды болсо, адамдардан алыстап калат».

Психолог Жакшылык Жыргалбеков санариптик аутизм менен жабыркаган балдар ой-пикирин билдирүүдө кыйналарын, ой жүгүртүүсү, аң-сезими чектелип, өөрчүбөй каларын айтат.

«Бала телефонго байланып калгандан кийин өсүшү нормадан артта калат. Мисалы, кечирээк сүйлөшү мүмкүн, ой жүгүртүүсү, логикасы өнүкпөй, кыймыл-аракети өөрчүбөй калышы мүмкүн, түнт болуп, өзү менен өзү гана жашап калышы мүмкүн. Андан сырткары ой-пикирин, сезимин билдире албай кыйналышы мүмкүн».

Дагы бир балдар психологу Асел Сүйүнбаева балдардын санариптик аутизмге кабылышына ата-энелер күнөөлүү экенин, санариптик технологиялар балага терс таасир этип жатканын айтат.

«Санариптик аутизм деген сөздүн маанисине токтолсок: санарип деген өзүңөр билгендей, интернетке байланыштуу гаджеттер. Булар балага өтө жаман таасирин тийгизет. Биз аны ата-энелерге айтып келе жатабыз. Ата-энелер билип туруп, ошону кылышат. «Эмне үчүн кылып жатат?» деген суроо туулат. Алар убактысын бошотууну каалашат. Акыркы күндө ушундай учурларды көп байкап жүрөм: бала тамак ичип жатканда ата-эне алдына телефонду коюп берип коёт. Ошону каратып, алаксытып, тамактандырып жатышат».

Мындан сырткары психолог Сүйүнбаева эгер бала кичинекей кезинде санариптик аутизмге кабылса, кийин мектепке көнүп кетүүсү, коомго аралашуусу да кыйын болорун белгилейт.

Ошондой эле ал азыркы учурдагы мультфильмдердин да балдардын психологиясына терс жактарын тийгизип жатканын кошумчалады.

«Телевизордон да ар кандай мултфильмдерди көрүшөт. Анда жаныбар эмес же адам эмес кызыктар көп. Алардын көзү да, оозу да жок. Бирдеме болуп эле сүйлөп, кыймылдап жүрүшөт. Ошону көргөн балада: «Көздү карап деле сүйлөштүн кереги жок турбайбы?» — деген ой калат. Биз баланы ошондой нерсеге көндүрүп жатабыз. Анан эсибизге келгенсип, бала мектепке барарда чуркап баштайбыз, «Балам сүйлөбөй жатат, минтип жатат, антип жатат», — деп. Муну бир канча жыл мурун ойлонуу керек болчу».

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өз иликтөөсүндө санариптик аутизмге кабылгандардын көпчүлүгү жаш балдар экенин белгилеп өткөн.

Ал эми дүйнөлүк психологдор «Санариптик аутизм — адамдар бири-бири менен узак мөөнөттүү психологиялык байланышты сактай албаган, башка адамдын ички дүйнөсүнө кызыкпаган абал» деген аныктама беришет.

Санариптик аутизм — дарт эмес, психологиялык абал. Андыктан аны дарыгерлер айыктыра албайт.

Булак: maralfm.kg

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!