"Эркин-Тоо"

Бала жылмайса, аалам жылмаят. Лейлекте милиция кызматкерлери балдарга жагымдуу маанай тартуулашты

Лейлек РИИБдин милициянын кызматкерлери Раззаков шаарындагы Ак-Чыйыр билим берүү уюмунда тарбияланып жаткан 120 баланы Раззаков шаарындагы эс алуу багында орнотулган көчмө зоопаркка жана дар оюндарын көрсөтүүгө алып барышты. Лейлек райондук ИИБдин балдар менен иштөө тескөөчүлөрү жана милициянын аймактык тескөөчүлөрү ЖКККБ кызматкерлеринин коштоосунда беш автобуска жана милициянын көчмө кабылдамасына өспүрүмдөрдү отургузушуп, шаар айлантып, экскурсия уюштурушту. Ал жердеги жаныбарларды, оюн-зоокторду көрсөтүү менен бирге балдарга балмуздак жана шириндиктер алынып берилип, иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул иш-чарада милиция кызматкерлери балдарга жагымдуу маанай тартуулашып, келечек ээлерине бекем ден-соолук жана ийгиликтерди каалашты.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!