"Эркин-Тоо"

БАЛА ЖЫТТУУ БАЛ БЕШИК

                         Каада-салт жана турмуш

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2021-жылдын 29-январында “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Азыркы ааламдашуу жана жаңы технологиялардын доорунда элдин улуттук  өзгөчөлүгүн, каада-салтын, үрп-адатын сактоо максатында жогорудагы жарлыктын уландысы катарында «Улуттук нарк жөнүндө»  Жарлык чыгарды:

“Улуттук нарк – адамзаттын кайталангыс руханий мурасы, ал салттар кыргыз элинин негизги жана ишенимдүү таянычы болуп калган.

Миӊдеген жылдар мурун өз алдынча ээлик түзүп, ага көз карандысыз башкаруу тартибин орнотуп, чоӊ жана кичине элдер менен тең ата мамиле жүргүзүүдө натыйжалуу ийгиликтерге алып келген кыргыз элинин эӊ негизги таянычы жана ишеничи эреже-тартиптерден, жүрүм-турум адебинен, каада-салтынын жыйындысынан куралып, улуттук дүйнө  таанымдарына шай келишкен улуттук нарк мыйзамы иштелип чыккан. Улуттук нарк кылымдар бою мезгилдин сынынан өтүп, айрым жерлеринде толукталып, бекемделип жүрүп отурган. Нарктын таасири эӊ жогорку деӊгээлге өсүп чыккан, алсак эл арасында “Хан бийлигинен нарк күчтүү”, “Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок” деген накыл сөздөр Айкөл Манас атабыздын доорунда жаралып, азыркы мезгилге чейин өзүнүн күчүн жоготпой келе жатат. Демек, жалпы адамзатка таандык эсептелген мыйзамдарга салыштырмалуу элдин өзү иштеп чыккан нарк системасы маанилүү жана ийгиликтүү жыйынтыктарды жаратып келген”.

Президенттин Жарлыгын ишке ашырууда азыркы биз жашап жаткан коомдун, замандын, ааламдашуунун укумуштай тез алмашып жаткан баалуулуктарына такат берип, элибиздин эзелтен келе жаткан улуттук иденттүүлүгүнө, каада-салтына, үрп-адатына басым жасашыбыз керек. Биз бүгүн ар бир кыргыз баласынын өмүрүндө, турмушунда зор мааниге ээ болгон бешик тууралуу сөз кылуунун туура көрдүк.

Бала менен бешик. Бири-биринен ажырагыс улуу түшүнүк. Эзелтен бери эле кыргыздардын турмушунда бешик  улук, ыйык буюм катары аздектелип келет. Бешикке байланыштуу айтылган ырым-жырымдар да арбын. “Бешикти аттаба”, “Бош бешикти терметпе”, “Бешикти тээп жатпа”, “бешикти эки киши көтөрбөйт” дейт кыргыз. Ата-бабабыз кастарлап келген бешик азыркы кыргыздардын жашоосунда кандай колдонулуп жатат? Шаардык кыргыздар менен айылдык кыргыздардын жашоо шарты, маданияты, каада-салтка, ырым-жырымга болгон көз караштары акырындык менен айырмаланып баратканын моюнга алуу керек. Шаардык кыргыздар баланы тек гана коляскага салып бакканды артык көрүшөт. Алар дарыгерлердин колу-буту таңылып бешикке бөлөнгөн баланын дене бою эркин өспөй калат деген  жүйөөсүн бетке кармашат. Ал эми айыл жеринде жашаган кыргыздарда баланы бешикке бөлөө салты азыр деле кадимкидей колдонулуп келүүдө. Кыргыздар берген ак батанын эң төрөсү да, улуусу да балага байланышкан. Жаңыдан турмуш куруп жаткан ар бир жаш үй-бүлөгө “Алдыңарды мал бассын, артыңарды бала бассын”, “балалуу-чакалуу болуп, учугуңар узарып, бактылуу болгула”, “Кудай агартып уул берсин, кызартып кыз берсин”, “Кызыңар мончоктуу болсун, уулуңар он чакты болсун” деген баталарды берет.

Баланы бешикке салуу ырымы кыргыздарда мурда да, азыр да  “бешик той” деп аталып той берүү, шаан-шөкөт менен өтөт. Ымыркайдын киндиги түшүп, төрөлгөнүнө жети күн болгондон баштап бешикке салынат. Ата-бабалар баланы багууда бешиктин артыкчылыгын эң мыкты билишкен. Бешикке жаткан баланын денеси таза, уйкусу да тынч болот.  Салт боюнча бешикти наристенин таенеси алып келет. Бешик той  берилүүчү күнү нан бышырылып, мал союлуп, айыл-апа, куда-сөөк, тууган-уруктар, тааныштар чыкырылган. Жентек делип сары май омурулуп, досторконго жер-жемиштер, боорсоктор, таттуулар төгүлгөн. Келген коноктор кур кол келбей белек- бечкектерин ала келишип, баланын бешигине боорсок, таттуу, мөмө-чөмөлөрдү чачышкан. Адатта баланы бешикке көп бала төрөп өстүргөн, дөөлөттүү байбиче салат. Эгер ымыркай кыз болсо – бешикке кайчы, сөйкө, шуру, эркек болсо – чүкө, камчы салынат. Оң-сол чүкөлөрдү бешикке салып, аны баш жагынан көтөрүп «бар бол», «оң бол» деп эңкейткенде чүкөлөр күлтүккө түшүп кетет. Баланы бөлөөрдүн алдында алгач бешикке ар кандай оорулар, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен бешиктин ичи-сыртын аласташат. Анан: «Шайтандар кач, кач, кач, ээси келди!»-деп алып барып жаткырышып, «Бешик апа, бек карма! Умай эне, уйку бер!» деп таңат. Бөлөп жаткан энеге чарчы формадагы боорсок тиштетип коюшкан. Ал сүйлөбөй, ичинен тилектерин айтып бөлөйт. Ошондо бала жоош болот. Ал эми боорсоктун мындай формасы көбөйүүнү түшүндүрөт.Бешикке салып жабууларын жапкандан кийин 7 түрдүү уйкучу, шайыр, акылман ж.б. адамдардын кийимдерин ошолордой болсун деп жаап коюшкан.

Андан соң бешиктеги баланы энеси көтөрүп, артка үч кадам таштап, наристени элдин керегине жараган эр-азамат кылып өстүрөм деп элге убада берип жүгүнөт. Ал учурда эл батасын берген. Бул энелерге чоң жоопкерчиликти арткан. Бешикке салуу жөрөлгөсү бүткөн соң ыраазылык иретинде байбичеге ак жоолук салышкан.

Наристе бешикке салынгандан баштап бешик ырлары ырдалат. Аны ар бир эне баласын уктатаарда бешикти терметип жатып ырдайт:

Алдей бөбөк ыйлаба,
Энекеңди кыйнаба.
Жапкан нандын ортосу,
Жүрөгүмдүн толтосу.
Элди жоодон коргогон,
Баатыр болор бекенсиң.
Эл таалайын ырдаган,
Акын болор бекенсиң.
Алдей-алдей ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк.
Айланайын көзүңдөн,
Атасына нак балам.
Айланайын чырагым,
Колго бүткөн курагым.
Жакадагы кундузум,
Асмандагы жылдызым.

Бишкек шаарынын тургуну Салима БАЙГАЗИЕВА:

“Мен өзүм айылда төрөлүп өстүм. Үйдөгү кыз-балдардын улуусумун. Биз 9 бир тууганбыз, беш уул, төрт кыз.  Биздин үйдүн эң төркү бөлмөсүндө бешик турар эле. Бала кезде үйдү үч көтөрүп, шоктонуп ойногон кезде да бешикке кол тийгизчү эмеспиз. Анткени, апабыз ар дайым “бешикти ойнобогула, бош турган бешикти терметпегиле” деп урушар эле. Мен эс тартып калганда инилеримдин, сиңдилеримдин баары ошол бешикте жатып, чоңойду. Апам “бул бешикте сен да жаткансың” деп айтып калчу. Мен бой жетип шаарга окууга келдим, анан өзүм сыяктуу айылда төрөлүп, бирок кийин шаарда иштеп калган жигитке турмушка чыктым. Биринчи балалуу болгондо апам айылдан бешик алып келип, шаардагы өзүбүз курдуу досторубузду чакырып чакан бешик той өткөрдүк. Тун балабызды апам өзү эле бешикке салып, бир жумадай каралашып айылга кетти. Төрт балалуу болдук. Балдарымдын баарын бешикке бөлөп чоңойттум. Арадан жылдар өттү. Чоң уулубузду үйлөдүк. Кудай берип, уул неберелүү болдук. Мен апаман үйрөнгөн салтты кармап, баланы бешикке салалы дедим. Бирок, келиним каршы чыгып, салдырбай койду. Келиниме “Балам, сенин күйөөңү деле, анын ини-карындаштарын деле ушул бешикке багып чоңойтком. Бешикке жаткан баланын уйкусу тынч болот. Ата-бабабыз колдонуп келген ак жолтой бешик” деп акылымды айттым. Көнбөдү. Көрсө, келиним өзү бешикке жаткан эмес экен. Ошондон бери бала жатпаган бешик ашыкча буюмдай болуп үйдө турат. Көргөн сайын ичим ачышат. Балдарым жаткан бешикти кантип үйдөн чыгарып салмак элем. Чыгарсам эле үйдөгү кут берекенин, бакыттын  баары кошо чыгып, бир жамандык келчүдөй боло берет. Эми кичүү уулум үйлөнсө, ошонун балдарын бөлөйм деген тилек менен өзүбүз жаткан бөлмөнүн төрүнө коюп алдым”.

 

                                                                                                              Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

№26 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 5-апрели