Баланын аутист экенин кантип билсе болот?
Аутизм бул баш мээнин өнүгүүсүнүн бузулуусунан келип чыккан өзгөчө абал. Ушул күнгө чейин аны ооруу же оору эмес деген талкуулар жаралып келет. Бир четинен муну ооруу десе дагы болбойт. Себеби аны жуктуруп албайт. Ошондой эле толук сакайтуу дагы мүмкүн эмес. Генетикалык ооруга окшош аны менен төрөлөт жана өмүр боюу кала берет.
Негизинен үй-бүлөдө 2-3 баласы бар ата-энелер мурдакы балдарына салышытырып байкай алышат. Бала чоңойгон сайын анын социалдашуусу жакшыра башташы керек.
Балаңызда төмөнкү өзгөчөлүктөр байкалса, догдурга кайрылыңыз
— Баланы атын атап чакырып жатса жооп бербейт;
— Эмне каалап жаткандыгын түшүндүрүп бере албайт;
— Сүйлөөсү, тилинин чыгуусу кечигет
— Чоңдордун эч кандай көрсөтмөсүн аткарбайт;
— Угуусунун начарлашы мезгил-мезгили менен пайда болот;
— Оюнчук менен кантип ойной тургандыгын түшүнбөйт;
— Адамдарды көзгө карабайт
— Башкаларга күлбөйт
— 12 айлыгында үн чыгарып кобурашпайт
— 12 айлык кезинде ишарат кылып, колун шилтебейт же башка кыймылдарды жасабайт
— 24 айында эки сөздөн турган сөз айкашын айтпайт