"Эркин-Тоо"

Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңеште Жогорку соттун өкүлчүлүгүн ачууну сунуш кылды

Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев парламентте
Жогорку соттун өкүлчүлүгүн ачууну сунуш кылды. Ал муну сот тутумунда каралчу маселелер көп болуп жатканын, отурумдарга судьяларды чакыра албай жатышканы менен түшүндүрдү. «Депутаттарга келген каттардын 80 пайызы сот системасына тиешелүү болуп жатат. Биз судьялардын төрагасын же орун басарларын чакырып, бул жактан отчёт сурай албайт экенбиз.
Себеби сот бийлиги көз карандысыз, эркин болушу керек. Ошондуктан парламентте өкмөттүн өкүлчүлүгү сыяктуу кылып ачышыбыз зарыл болуп турат. Анан биз ошол сот өкүлү менен
бирге сот системанда болуп жаткан мүчүлүштүктөр менен иштешибиз керек болуп жатат. Аны менен иштеш жеңил. Маселе боюнча Жогорку сот менен сүйлөшүш керек», — деди
Түлөбаев.

Пример HTML-страницы