Кыргызды дүйнөгө даңктаган балбан Акжол Махмудовго “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Элибиздин сыймыгына наамды жана акчалай сыйлыкты Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов тапшырды. Ага удаа балбандын устаты Мейрамбек Ахметовго да Ардак грамота жана акчалай сыйлыкты Зиядин Жамалдинов өз колу менен тапшырганын угуп кубандык. Облустун башчысы балбанга наам, акча ыроолоп жатканын көргөн ордолуу калаанын мэри Бакытбек Жетигенов да кур калбай, Акжол Махмудовго 250 миң сом, саяпкери Мейрамбек Ахметовго 50 миң сом ыроолоду. Аныгында мындай инсандарга эмне ыроолосок да аздык кылат да, туурабы? Каармандарыбыз ошентип Оштон “олжолуу” кайткан чактары. Адал эмгектин үзүрү ушинтип кайтат да, чынбы?