"Эркин-Тоо"

Балбан болсоң, жердей бол, баарын чыдап көтөргөн

Балбан болсоң, жердей бол, баарын чыдап көтөргөн демекчи, канчалаган жеңиштин артында ат көтөргүс мээнет, талыкпаган аракет жатат. Дүйнөгө Кыргыз Республикасынын туусун желбиретип, гимн жаңырткан бир тууган Шаршенбековдор элибиздин сыймыгы. Мындан улам, алар жөнүндө жакындары менен кызыктуу маек курдук.

Маалымат   

Тынар Шаршенбеков 1997-жылы, Жоламан Шаршенбеков 1999-жылы Талас облусундагы Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында туулган. Атасы Назарбек Рысалиев 1972-жылы туулган, жеке ишкер. Апасы Гүлнара Жуманалиева 1974-жылы туулган, №5 компьютердик гимназияда математика мугалими болуп эмгектенет. Тынар — беш бир туугандын экинчиси, ал эми Жоламан — үчүнчүсү. Күрөштүн грек-рим түрү менен машыгышат. Жоламандын бою 161 сантиметр, салмагы 60 килограмм. Машыктыруучусу — КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Хаким Махмудов.

Тынар  Шаршенбеков — грек-рим күрөшү боюнча жаштар жана чоңдор арасында КРнын 5 жолку чемпиону. Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. 2013-жылы катеттер боюнча Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионатында 3-орунду, 2019-жылы Астана шаарындагы Дүйнөлүк чемпионатта 5-орунду ээлеген. Быйыл 2022-жылдын 19-апрелинде Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионаттында 1-орунду багынтып, алтын медаль тагынды.

Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү боюнча КРнын 5 жолку чемпиону, спорттун чебери. 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын, 2016-жылы Кытайдын Тайбэй шаарындагы Азия чемпионатында коло, 2016-жылы Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло, 2017-жылы Азия чемпионатында күмүш, 2017-жылы Финляндиядагы дүйнө биринчилигинде күмүш, 2018-жылы 19 жашында Венгриянын Будапешт шаарында грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалдарына ээ болгон. 2020-жылы 14-декабрда Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда финалдык беттеште орусиялык Степан Марянянды утуп, алтын медалды ээлеген. Быйыл 19-апрелде агасы Тынар экөө тең Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионаттында 1-орунду багындырышып, алтын медаль тагынышты. Бул Кыргызстандын, кыргыз элинин жеңиши. Кыргызстандын намысын коргогон сыймыктуу балбандарыбыз маңдай терин агыза машыгып, ар качан алдына ат салдырбай келишет.

 

Чоң атасы Шаршенбек РЫСАЛИЕВ:

 “Кыргыз элине алтындын далайын алып келет деп ишенем”

— Жоламан 3-класска чейин колумда чоңойду. Ошол кезде эле балдар менен күрөшүп абдан өжөр, тырышчаак болчу. Небере деген өз балаңдан дагы таттуу болот экен. Неберелеримди абдан жакшы көрөм. Жоламан кичинесинде төшүмө отуруп алып эки колумду көтөрүп мени мотоцикл кылып ойночу. Кийин Бишкекке көчүп келишип окуп, күрөш менен алектенип калышты. Биз Таластын Бала-Саруу деген айылында тургандыктан, неберелерим айыл жашоосуна тартылып, тез-тез барып турууга умтулушат.  Бирок, алар ар дайым машыктыруучусунун карамагында болгондуктан көп ээн-эркин бастыра бербейт. Биз деле айылга барганда “көп баспагыла, көөп кетпегиле” деп турабыз. Неберелеримдин ар бир чыккан таймашына аз күн калганда кандайдыр бир аян түштөрдү көрөм. Бардыгын жакшылыкка гана жоруйм. Өздөрү абдан мээнеткеч. Ушул мүнөздөрүнөн жазбай аракетин көрүп жүрө берсе, Кудай буюрса, кыргыз элине мындай алтындын далайын алып келишет деп ишенем. Буга чейин менин атым Шаршенбек деп Талас элине, кыргыз элине гана таанылган болсо, азыр бүткүл дүйнө жүзүнө таанылып жатканына сыймыктанам. Тынар менен Жоламандын атасы, уулум Назарбек дагы убагында мыкты күрөшчү. Бирок кийин уланта албай калды. Анткен менен Назарбек уулдарынын ушундай ийгиликтерге жетишине салым кошууга жан үрөйт. Ата жолун улап Тынарым, Жоламаным кыргыздын атын дүйнөгө таанытууда. Кыргыздын патриот жигиттери жакшылыктарда бар болушсун.

 

Атасы Назарбек ШАРШЕНБЕК уулу: Тартиптери, жүрум-турумдары ойдогудай”

-Кудайыма миң мертебе шүгүр кылам. Уулдарым Тынарбек менен Жоломандын кулк-мүнөзү абдан жакшы. Алла Таала ар бир адамга төрөлгөндө эле мүнөз берет экен. Бири-бирине болгон мамилесине, колдоосуна күбө болуп ыраазымын. Тартиптери, коомдо өздөрүн алып жүргөн жүрум-турумдары ойдогудай. Уулдарымдын басар жолу, ашар ашуусу али алдыда. Мындан ары да албан-албан  ийгиликтерди багындырышын Кудайдан тилейм. Кыргыз Республикасында спорттун өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошушса дейм. Жолдору шыдыр, жолдоштору кыдыр болсун! Уулдарымды Жараткан жаман көздөн, суук сөздөн сактасын!

 

Апасы Гүлнара ЖУМАНАЛИЕВА:

“Жоламандын атын атасы койгон”

— Жоламан төрөлө элек кезинде атасы экөөбүз “Кылым карытар бир күн” тасмасын көрүп олтуруп ал андан өзгөчө таасирленген окшойт. Дароо эле: “Буйруса, мен уулдуу болсом, атын Жоламан коём”, — деп ниеттенген. Ошентип, уулубуз төрөлүп, ошондогу ниет менен турмушта жолу ачык жана аман болсун деген тилекте атын Жоламан деп атасы өзү койгон. Кудайга шүгүр, жолу ар дайым шыдыр, ачык. Дагы да болсо ийгиликтерди багындырып аман болсун. Негизи Жоламан өтө шайыр, ачык, бирөөгө жаман ою жок, таарынганды дагы билбеген жан. Биз ата-энебиз менен бирге айылда 15 жылдай бирге жашадык. Жоламан чоң атасынын эле баласы болуп калган. Себеби атам койнуна алып жатып, басса-турса жанына жетелеп жүрүп чоңойтту. Биз өзүнчө бөлүнүп кеткенден кийин деле Жоламан атамдарга тартылып жүрдү. Башка балдарымдан өтө жароокерлиги, жумшактыгы, сезимталдыгы менен айырмаланат. Тынар же Жоламан мелдешке чыгарда чоң атасына, чоң апасына, атасына аян түш кирет. Атасы Назарбек көп түштөрдү алдын ала көрүп, бирок ичинен тымызын ойлонуп жүрө берет. Мелдеш өткөндөн кийин айтып калат. Ал эми апам дароо эле билет. Анткен менен алдын ала айтпайт. Мен балдарымдын ар бир мелдешин күтүп көрөм. Бирок эч нерсе боло электе эле көзүмө жаш алып ыйлап алам. Атасы “Көрбөй эле койчу, утушка ээ болгондо айтабыз”, — дейт. Ага болбой Кудайдан тиленип өзүнчө бөлмөгө барып алып жашынып ыйлап көргөн күндөрүм көп болду.

 

Тынар ШАРШЕНБЕКОВ: “Максатыбыз — Олимпиададан жеңишке жетүү”

-Биз кичине кезде атам күрөшүп жүрчү. Бирок, өзү эңсеген ийгиликтерге жете албай калгандыктан, биздин спортчу болуп чыгышыбызга атам себепчи болду. Айылда жашачубуз. Атам Бишкекке келип бир жыл иштеп, анан бизди алып келип, спорт менен машыктырып, алгач мени Хаким агайга тапшырган. Бир жылдан кийин Жоломанды ээрчитип келип машыктырып жүрдүм. Күрөшкө кичинесинде эле шыктуу болчу. Бир көргөн ыкмасын дароо кабыл алчу. Жоламандын күрөшкөнү да Хаким агайга жагып, чогуу машыгып калдык. Биз үчүн атам баарын жасады. Бир жолу 35 кг салмактан, 33кө түшүү үчүн салмак кууп, интернатка салмакка түшүргөнү алып барды. Түшкү тамактанууда атам тамак жеп, бирок тамактын эттерин жебей, пакетке ороп, мага деп чөнтөгүнө салып алыптыр. Чыкканда “жеп ал” деп бир сок менен бергени эсимде. Мындай окуялар көп. Ушундан улам атамдын ак эмгегин актап чемпион болобуз деп сөз бергенбиз. Талыкпаган аракеттерибиздин акыбети кайтып жатат. Сентябрда дүйнө чемпионаты болот. Буйруса, ага чогуу барабыз. Максатыбыз — Олимпиададан жеңишке жетүү. Жоламанды урушуп койсоң эч нерсеге көңүлү келбей калат. Анын мүнөзүн жакшы билгендиктен, Хаким агай да урушпайт. Тескерисинче Жоламанды мактап турсаң жакшы жыйынтыктарды берет. Учурда да күндө эртең менен 2 саат, кечинде 2 саат талыкпай машыгып, даярданып жатабыз.

 

Аяш атасы Доскул БЕКМУРЗАЕВ:

“Балбандарыбызга дем-күч берүү милдетибиз”

-Келечектен көптү үмүт арттырган балбандарыбызга дем-күч берип туруу биздин милдет. Аларга канчалык көңүл бөлсөк, алар ошончолук кубанып, ийгилик жаратууга ашыгат. Жоламан 2018-жылы дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болуп келгенде бул ийгилигине баа берип, аргымак мингизип, айыл элинин батасын алганбыз. Мындан көп өтпөй дүйнө чемпионатында алтын медалды багындырганда ак өргөнүн ачкычын тапшырып, калың элди чогултуп той кылдык эле. “Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” демекчи,  мыкты атаандаштар менен беттешип жеңиштин даамын таткан балбаныбыз алдыда дагы далай намыс талашып, жеңиш алып келеринен ишеним чоң болчу. Элдин ак батасы кабыл болуп, тилектер орундалып мына быйыл Жоламан менен Тынар Азия чемпионатында алтынды алышты. Буйруса, дагы чоң-чоң ийгиликтерди багындырат деген үмүт чоң.

 

Жоламандын машыктыруучусу Хаким МАХМУДОВ:

“Сыйлыктары кыргыздын сыймыгы, даңкы үчүн арналат”

— 2008-жылы Шаршенбеков Жоламан 27 килограмм салмакта 3-орунду алган. Ошондон бери тынбай машыгуунун үстүндө жүрүп бардык мелдештерде алдыңкы орунду эч кимге берген жок. Алган сыйлыктарынын бардыгы кыргыз элинин сыймыгы, даңкы үчүн арналат. Жалпы кыргыз элин Тынардын жана Жоламандын жеңиши менен дагы бир жолу куттуктайм. Жараткан баардык балбандарыбызга ден соолук, узун өмүр берсин.

 

Жоламандын мугалими Таалайкүл ИМАНКАСЫМОВА:

“Кыргыздын үмүтүн өчүрбөй дагы бир сыйлыкты колго алды”

— Жоламанды 5-класстан баштап 11-класска чейин окутуп, куратору болдум. Ал башка балдардан жоопкерчиликтүүлүгү, боорукерлиги менен айырмаланчу. Эң жакшы деген бааларга окуп, аны менен спортту дагы бирге алып кетүүгө аракеттенди. Коомдук иштерге активдүү катышып, класстык иштерди туура, так аткарчу. Мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин спорт тармагына баш-оту менен кирип, мелдештерде алдыңкы орундарды багындырганы мени абдан кубандырат. Мына учурда мен эле эмес, бүткүл кыргыз эли кубанып, сыймыктануу менен ыраазычылыгыбызды билдирип жатабыз. Мелдештин түз алып берүүлөрүн түнү менен уктабай көрүп, акыркы мүнөттөрдө көзүмө жаш алдым. Жоламан азамат.

Жазгүл КАРБОСОВА

Пример HTML-страницы