"Эркин-Тоо"

Балбан Калмира Билимбек кызы коло медаль тагынды

Иорданиянын Амман шаарындагы Дүйнө чемпионатында (U20) кыздар арасындагы күрөш боюнча кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы коло медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 59 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашты.

Калмира Билимбек кызы 1/16 финалда өзбекстандык спортчуну 11:1 эсеби менен жеңип, 1/8 финалда казакстандык балбан кызды 8:1 эсебинде артта калтырган. Чейрек финалда жапониялык балбанды 10:0 эсебинде утуп, жарым финалда нейтралдуу желек менен чыккан Алеса Гетмановага утулуп калган.

Кыргыз балбаны коло үчүн беттеште түркиялык балбан менен беттешип, жеңишке жетти.

Бул Дүйнөлүк чемпионатта (U20) Кыргызстандын курама командасынын биринчи медалы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!