"Эркин-Тоо"
Спорт

Балбандар Дүйнө чемпионатынан 10 медалга ээ болушту

Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курама командасы Татарстандагы Казань шаарында өткөн III Дүйнөлүк чемпионатта 10 медаль — 9 алтын жана 1 коло жеңип алышты.

Алтын медалдардын ээлери:

  • 🥇60 кг — Толубай Шүкүров

  • 🥇72 кг — Назарбек Космосбек уулу

  • 🥇78 кг — Бактияр Кадырбек уулу

  • 🥇84 кг — Мыктыбек Өмүрзак уулу

  • 🥇90 кг — Азизхан Мусабек уулу

  • 🥇96 кг — Асанкелди Нурказым уулу

  • 🥇Абсолюттук салмак — Бактыяр Мирлан уулу

  • 🥇60 кг (аялдар) — Бегай Бейшенаалы кызы

  • 🥇+66 кг (аялдар) — Айжан Анарбекова

Коло медаль ээси:

  • 🥉66 кг — Арлен Эстебесов

Команда мелдешке машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында катышты.