"Эркин-Тоо"

Балдар адабиятына арналган “Кичинекей окурман” фестивалы өттү

 Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен “Ак — барак” фонду тарабынан уюштурулган алгачкы жолу балдар адабиятына арналган “Кичинекей окурман” фестивалы өттү.
Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданиият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров, “Ак — барак” фондунун директору Уулжан Бектурова жана шаар тургундары катышты.
Фестивалдын жүрүшүндө бир катар маанилүү платформалар иш алып барды. Анда, “Балдарды кантип китепке кызыктырабыз?”, “Бүгүнкү балдар эмнелерди окушат?” жана “Баланын дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн эмнелер жасалышы керек?” темаларында мастер класстар тажрыйбалуу эксперттердин катышуусунда коштолду.
Ошондой эле, жаш адистердин таанытмалары, панелдик талкуулар, балдарга арналган кыргызча китептердин жарманкеси, чакан класстарда аниматорлор, психологдор менен мастер класстар уюштурулуп, кыргыз, англис тилдеринде балдар менен китеп окуу, жомок окуу сааттары менен коштолду.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!