"Эркин-Тоо"

Балдар эки эсе көп ооруп жатат

Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын педиатры Бейшегүл Дамирбекова мурда күнүнө 200гө чейин бала кайрылса, азыр 400-500 бала ооруп келип жатканын билдирди.

Ал белгилегендей, балдардын көп ооруп жатканы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ОРВИ жана сасык тумоонун күч алышына байланыштуу болууда.

«Бизде дарыгерлер жетишпейт, бир алмашууда 5 гана дарыгер, ар бири 100 баланы кароого туура келет. Айрыкча дем алыш күндөрү, дүйшөмбү жана кечинде бейтаптардын агымы көп болот. Себеби, ата-энелер күндүз жумушта болушуп, дене табы көтөрүлүп, жөтөлгөн балдарын бала бакчага калтырышат. Күндүз 40-50 бала болсо, кечинде алардын саны 90-100гө чейин көбөйөт.», — деди ал.