"Эркин-Тоо"
Пресс

БАЛДАР КҮЛКҮСҮ ЖАҢЫРСЫН

Жапалак айыл аймагына караштуу Арек айылында да 120 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, иш-чарага Ош шаарынын вицемэри Венера Рыскулова, Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов, Шайлообек Атазовдор катышты. В.Рыскулова Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан бул мекеменин ачылышы менен куттуктап, эми алдыда шаардын билим берүү тармагына көңүл буруу уланарын билдирди.