Бишкектеги Манас көчөсү 12 дарегинде балдардын адистештирилген консультативдик бейтапканасы орун алган. Аталган бейтапкана мындан бир жыл мурда ачылып, мында иштеген мээрман ак халатчандар балдардын ден соолугу үчүн кам көрүп келишет. Балдардын ден соолугу тууралуу аталган бейтапкананын жетекчиси, 32 жылдык тажрыйбасы бар балдар дарыгери Айгүл Султанова менен маектештик.
— Айгүл Кубатовна, сиз жетектеген бейтапкананын ишмердүүлүгү тууралуу айтсаңыз, бул жерде балдарга кандай кызмат, жардамдар көрсөтүлөт?
— Өлкөбүздөгү ар бир баланын ден соолугу – саламаттык сактоо тармагы үчүн маанилүү маселе экени анык. Борбор шаарыбызда калктын саны күндөн-күнгө өсүп, ага жараша балдар ооруканаларына кайрылгандардын саны да көбөйүүдө. Өзгөчө, мезгилдик вирустук оорулар күч алган учурларда шаардагы балдар ооруканаларында орун жетишсиздиги, кезек күтүүлөр пайда болот. Мына ушул көйгөйдөн улам ооруканалар тушуккан жүктү азайтуу, калкка жеткиликтүү медициналык кызматтарды көргөзүү максатында биздин балдар бейтапканасы ачылган. Бул жерде балдардын амбулатордук дарылануусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Тажрыйбалуу педиатрлар, лор-дарыгерлери, окулист, невропатолог, ортопед, логопед, массажист, психологдор иштешет. Бейтапканада акыркы үлгүдөгү УЗИ (УДИ)- аппараттары бар, ал балдардын баш мээсин, ички органдарын тартууда, диагноз коюуда дарыгерлерге чоң жардамчы экени талашсыз.
— Бир күндө канча бейтап кайрылат, балдарга көрсөтүлүп жаткан кызматтарга акы алынабы же алынбайбы?
— Биздин дарыгерлер 8:00дөн 18:00гө чейин иштешет. Дем алыш күнү нөөмөттөгү дарыгерлер саат 14:00гө чейин кичинекей бейтаптарыбызды кабыл алып, зарыл болгон жардамыбызды беребиз. Бардык консультация кызматтарына акы алынбайт, баары бекер. Бейтаптардын арасында чет өлкөлүк жарандар да болот. Алардан атайын түзүлгөн прейскуранттын негизинде акы алынат. Бир күндө жалпы 200дөн ашуун бала консультация, медициналык кызматтарды алышат. Ал эми эң көп болгондо бейтаптардын саны 300-350гө чейин жетет.
— Бул жерден шаарда туруктуу каттоосу барлар гана жардам алышабы же бардык жарандар кайрылса болобу?
— Бул жер балдар саламаттыгы боюнча адистешкен бейтапкана болгондуктан, өлкө боюнча алыскы айылдардан келип кайрылган жарандарыбыз да бар. Кайрылган бейтаптар каттоосу бар-жогуна карабастан кабыл алынып, бизге ИНН номуру аркылуу катталат. Жаңы төрөлгөн баладан тартып, жаш курагы 18 жашка чейинки балдар медициналык жардамдарды ала алышат. Биздин бейтапкана тууралуу маалыматтарды жарандар көбүнчө соц. тармактар аркылуу окуп билип байланышка чыгышат.
— Негизинен балдар кайсы оорулар менен көп кайрылышат?
— Көбүнчө, курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандар кайрылышат. Кулак, мурун оорулары менен да келишет. Аз кандуулук жетишсиздиги да басымдуу экени байкалат. Мисалы, өткөн жылы бизге 603 бала аз кандуулук менен кайрылган. Бул абдан чоң сан болуп саналат. Кандагы темирдин жетишсиздиги бир топ ооруну пайда кылат. Бул дарт менен репродуктивдүү курактагы аялдар жана алардан төрөлгөн балдар жабыркайт. Анемия менен жабыркагандар дарыланууга, саламаттыгына өзгөчө маани бериши керек. Убагында туура дарылануу көйгөйдү чечет. Балдарга гигиеналык эрежелерди сактоону үйрөтүү зарыл. Жаш балдар көбүнчө колу менен көп нерсени кармап, баамдап көрүшөт. Колду таза кармоо, жууп жүрүү вирустук дарттардын алдын алууга чоң жардам берет.
— Көпчүлүк ата-энелер “балам тамак аз жейт” деп калышат. Чынында эле баланын тамакка табити эмнеден көз каранды?
— Организмде витамин, минералдык заттардын жетишсиздиги, мите курттардын болушу да тамакка болгон табитти азайтат. Андыктан жаш балдар арасында 6 ай сайын кандын анализдерин тапшыруу абдан маанилүү. Баланын каны аз болсо да тамакты аз ичип калат. Баланын кыймылда болуусу, физикалык активдүүлүгү да тамактануусуна көз каранды. Аны менен катар балага курамында канты бар азыктарды ченемден ашык берүү да табитти токтотот. Ошондой эле балага дарыгердин сунуштамасы жок, өз алдынча ар түрдүү компаниялардын витамин — БАДдарын берүү туура эмес. Сөзсүз дарыгерден кеңеш алуу зарыл. Дарыгер катары айтаарым, баланы эртелеп өз алдынчалыкка, эмгек кылууга үйрөтсө баары жеңил болот дээр элем. Өз алдынча тамак ичүү, кийинүү, өз кийим, буюмдарын ирээттөө баланын жакшы сапаттарынын калыптануусун шарттайт. Баланы эмгекке үйрөтүү – жоопкерчиликке тарбиялайт.
— Балдар дарыгери катары жаш организмди дарылоодо, балдардын ден соолугуна кам көрүүдө кандай өзгөчөлүктү баса белгилээр элеңиз?
— Балдар организми, саламаттыгы ооруга туруктуу, чыдамкай келет. Чоң кишилерге салыштырмалуу жаш организм оорудан бат сакайып кетээри байкалат. Чынын айтсам, 32 жылдык иш тажрыйбамда балдар менен иштөө мага көп нерсени үйрөттү. Балдар менен иштеп бала болосуң, балдардын тилинде сүйлөйсүң, кайрылып мамиле кыласың. Балдар менен иштөөдө чарчоо, чыңалуулар чоңдор менен иштөөгө салыштырмалуу дээрлик аз болот. Балдар дарыгери өз үйүндө балдарга кам көрсө, жумушка барып жалпы коомдун балдарына кам көрүү аракетин көрөт.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы