"Эркин-Тоо"

 Балдарга да алимент төлөтүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов учурда карылар үйлөрүндө жашап жаткан карыялардын саны көбөйгөнүн  белгилеп, маселени алдын алуу үчүн  Кылмыш-жаза кодексине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Сунушталган мыйзам дорлбоордо эмгекке жарамдуу балдарды ата-энесин багуу үчүн алимент төлөөгө милдеттендирүү каралган.  Эгер балдар ата-энесин кароодон баш тартса 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салынат.  Мындан тышкары ата-энесин карылар үйүнө таштаган мамлекеттик кызматкер жумушунан бошотулуп, ири өлчөмдө айып төлөйт.  Расмий эсеп боюнча учурда республика боюнча карылар үйлөрүндө 259 улгайган жарандар жашайт. Мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүү  коомдук талкууга чыгарылды.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!