"Эркин-Тоо"

Балдарын кароосуз калтырган ата-энелер 15 миң сомдой айыпка жыгылат

 Бул тууралуу Эмгек министрлигинин үй-бүлө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев билдирди.
 Анын айтымында балдарын кароосуз калтырып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлабай миграцияга кеткен ата-энелерге айып салуу сунушталууда. Учурда демилге коомдук талкууга чыгарылды. Ал элдин пикирин эс алуу менен иштелип чыгат.
«Балдар кодексине «эмгек мигранттарынын балдары» деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштап жатабыз. Кабыл алынып калса чоң жумуштар аткарылат. Атайын программалар түзүлөт, багыттар өзгөрөт, ошондой эле жасалып жаткан иштер үчүн мамлекеттен атайын каражат бөлүнүшү керек болот. Документте чет өлкөгө иштегени кетип жаткан ата-эне балдарын карай турган мыйзамдуу өкүлдү калтырып кетпесе жоопкерчилиги каралышы керек деп көрсөтүлүүдө. Тагыраагы, бул тууралуу мамлекеттик органдарга 15 күндүн ичинде маалымат бербесе 15 миң сомдун тегерегинде айып салуу каралууда. Эми билдирүүнү сөзсүз социалдык башкармалыктарга барып калтыруу талап кылынбайт. Жашаган аймагындагы айыл өкмөткө эле арыз калтырып, каттатып койсо болот. Эгер сыртка чыгып кеткен болсо атайын көрсөтүлгөн дарекке электрондук билдирүү жөнөтө алат», — деди Тодогелдиев.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!