Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (ИФАД) каржылаган «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору кошумча нарк чынжырчасынын жетектөөчү ишканасы «Нур Бал» ЖЧКга балды чыгаруу жана кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатып алууга колдоо көрсөттү.
Ишкананын өндүрүшүн модернизациялоо, кеңейтүү жана лабораториялык жабдууларды сатып алуу максатында «Нур Бал» ЖЧК долбоордон 67 590 АКШ доллары өлчөмүндө грант алды. Гранттык жардамга уюм фермердик чарбалар үчүн бал челек комплектин алган. Ал эми азыркы учурда идиштерди жууп-кургатуу боюнча жабдууларды, автоматтык бал челек басып чыгаргычты, брусчатканы сыгуучу машинаны, челекти декристаллдаштыруу үчүн камераны, балдын кремовкасын сатып алуу үчүн тендер өткөрүүдө.
Грант алуу үчүн милдеттүү шарт – бул өзүн-өзү каржылоо. «Нур Бал» жаңы кампанын курулушуна 76 000 АКШ долларын жумшайт. Курулуш иштери башталды. Ишкана Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунда жана Чүй облусунун Сокулук районунда 135 балчы менен иштейт. 4 айыл чарба кооперативи, анын ичинде «Чүй таза балы» балды келишимдин негизинде «Нур Бал» ЖЧКсына тапшырууда.
«Нур Бал» ишканасы даяр продукцияны ички жана тышкы рынокто жеткирүү боюнча иш алып барат. Ишкана ички рынокто сатуунун жөнгө салынган рыногуна ээ жана Японияга экспорттойт.
— Кооператив сынактын жеңүүчүлөрүнүн катарына киргенде, аябай сүйүндүм. Анткени, бул чоң колдоо! Биздин максат – таза органикалык бал чыгаруу. Жыл сайын 15 тонна бал алуу күтүлүүдө.
Грант алуу үчүн милдеттүү шарт – кооперативдин бизнес-планынын бюджетинин 20%дан кем эмес өлчөмүндө өзүн-өзү каржылоо болгон. Балчылар кооперативди өнүктүрүүгө 24 миң АКШ долларын жумшашкан.
Финансылык жардамдан тышкары кооперативдин мүчөлөрү балчылык, финансылык сабаттуулук, бухгалтердик эсептин негиздери, кооперативди башкаруу жана башка темалар боюнча долбоордун тренингдерине катышышты, — дейт «Чүй таза балы» айыл чарба коммерциялык кооперативинин жетекчиси Самыйбек Султанов.
«Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору Кыргызстандын бардык облустарында 2018-жылдан тартып ишке ашырылууда, ал 2024-жылдын июнь айында аяктайт. Анын негизги багыты – ЦДСти өнүктүрүү жана каржылоо. Долбоор менен бардыгы болуп сүт, эт, жүн жана бал боюнча мал чарба продукциясынын кошумча наркынын 20 тизмеги түзүлгөн. Долбоорду БУУнун Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду каржылайт.