"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Бали аралында чоң кеме чөгүп, 38 адам дайынсыз болууда

Үстүбүздөгү жылдын 2-июль күнү кечинде Индонезиянын Бали аралынын жээгинде жүргүнчү кемеси чөгүп кетти. Бул тууралуу CNA маалымат агенттиги кабарлады.

Паромдо (кеме) жалпысынан 53 жүргүнчү жана 12 экипаж мүчөсү болгон. Алардын ичинен 23 адам аман-эсен куткарылды. Дагы 4 жүргүнчүнүн сөөгү табылып, 38 адам дайынсыз бойдон калууда.

Учурда куткаруу кызматтары дайынсыз болгон адамдарды издөө иштерин улантууда.