Немис археологдору Балтика деңизинин Мекленбург булуңунан сенсациялуу ачылыш жасашкандыгын DW маалымат булагы билдирди.
Окумуштуулар суунун 21 метр тереңинен узундугу бир километрге жакын 11 миң жылга жакын убакыт мурда курулган таш дубалды табышкан. Изилдөөнүн авторлору бул курулушту акыркы муз мезгилинин – палеолит доорунун аягы же мезолит доорунун башталышында мергенчилер тургузган деп эсептешет.
Божомолдорго ылайык, дубалдын жалпы массасы 140 тоннадан жогору. Ал суунун астында 8500 жылдай мурда деңиздин деңгээли көтөрүлүүсүнүн натыйжасында калып калган.