Балыкчы шаарында күнүнө 350-450 жаранды тейлөөгө ылайыкталган жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылды.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жаңы форматтагы КТБ автоматташтырылган маалыматтык системага кошулган. Керектүү мамлекеттик документтерди алуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Буга чейин жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрү эки башка имаратта жайгашып, касса жана нотариус өзүнчө башка имаратта болгондуктан, элге ыңгайсыздык жаралып келген.