"Эркин-Тоо"

Балыкчылыктардын капчыгын “кагып кеткен” инвестор кармалабы?

Редакцияга Балыкчы калаасынын жашоочулары кайрылып, “шаар тургундарын алдап, сызга отургузуп кеткен жарандар бар экенин айтып, бул боюнча көйгөйүбүздү укук коргоо органдарына жеткирип берсеңер” деп өтүнүшкөнүнөн улам жергиликтүү элдин датын тыңдап көрдүк. 

Өткөн жылдын жаз айларында Балыкчы шаарына өзүн ири инвестор катары тааныштырган Түштүк Кореянын 1966-жылы туулган Jang Yongki аттуу жараны келген. Чет элдик конокту шамалдуу калаага Абдылдаева Эмиля Кенжебековна аттуу Балыкчы шаарынын 1989-жылы туулган жараны менен анын апасы Абдылдаева Анара Таңаткановна коштоп келишкен. Эне-бала чет элден келген мейманды ири инвестор экендигин, Кыргызстандын, айрыкча, Балыкчы калаасынын жаштарын Кореяга жумушка орноштурарын айтып, шаар жетекчилиги менен көпчүлүккө тааныштырышат.

Ошентип, алыстан келген инвесторго ат кошчу болушкан эне-бала жаштарды Кореяга ишке орноштурушарын, ал үчүн киши башына 20 миң сомдон (визага, жол кире ж.б. чыгымдары үчүн) чогултууга киришет. Бул ишке Балыкчы шаарынын мэри да көңүлдөнүп, аппараттагы тиешелүү бөлүмдөргө тапшырма берүү менен каалоочуларды чет өлкөгө иштеп келүүгө сунуш кылат. Чет жерден жакшы маяналуу жумушка сунуш түшүп жатса, кимдин баргысы келбейт? 80ге жакын шаар тургуну дароо 20 миң сомдон чогултушуп, 1,5 миллион сомго чукул каражатты шаардык мэриянын кызматкери Адилет Бейшеналиевдин колуна чогултуп беришет. Жергиликтүү тургундардын айтымында Адилет Бейшеналиев чогулган каражатты эне-бала Абдылдаева Эмиля менен Абдылдаева Анаранын колуна карматкан.

Түштүк Кореяга иштөөнү кыялданган Балыкчылыктар мындай шартта кетүүгө кам урушканы менен ортодон убадалашкан убакыттын мөөнөтү кыйла өтө баштаганына тынчсызданган калаа жаштары мэрияга келе башташат. Көпчүлүктүн жаалы катуу кайнаганын алдыртан сезген калаа жетекчилиги элдин инвесторго чогулткан каражатын кайсы бир демөөрчүлөр аркылуу таап, көпчүлүккө таратып, элдин демин басышат.

Баарынан кызыгы, өзүн инвестор катары тааныштырган Jang Yongki Балыкчылыктардан чогулган каражатты алган соң “Ак-Жол” чек ара бекети аркылуу Казакстанга өтүп кеткенин, анын аткошчусу Абдылдаева Эмиля “Манас” аба-майданы аркылуу Москвага “чуу койгонун” акчасын алдаткан шаар тургундары укук коргоо органдары аркылуу такташканын айтышууда. Абдылдаева Эмиля менен анын Түштүк Кореялык өнөктөшү дал ушундай көз будамайлоочулук “өнөрлөрүн” Ош, Нарын облусунун тургундарына да карматып, көпчүлүк жаштарды сызга отургузуп кеткенин айтылууда. Бул боюнча учурда маалымат такталууда. Түштүк Кореялык Jang Yongki интернет аркылуу баскан изин текшере келгенде дал ушундай алдамчылык “өнөрүн” өзүнүн өлкөсүндө да карматып, издөөгө алынганын ушул эле Балыкчылыктар такташкан.

Биз бул боюнча Балыкчы ШИИББге кайрылдык. ШИИББдин тергөөчүсү Улан Марсов Түштүк Кореялык “инвесторго” карата калаа тургундарынан арыз түшкөнүн тастыктап, бул боюнча иш козголуп, Jang Yongki аттуу эргулга Интерпол аркылуу издөө салышканын тастыктады. Балким бул ишке УКМКнын из кубарлары да киришишсе, элди сыздатып кеткен беренди алеки-саатта жердин түбүнөн болсо да таап келишет беле?

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№43 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 7-июну

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!